Министр эки өлкөнүн кызматташуусу өнүгүп жатканын билдирди.
Айтымында, Япониянын жардамы менен Кыргызстанда транспорттук инфраструктураны оңдоо жана түзүү боюнча долбоорлор мыкты сапаты жана эффективдүүлүгү менен айырмаланып турат.
Экономика министрлиги «Токио Роуп» компаниясы менен кызматташууга чоң маани берет жана сапаттуу болот аркандарды чыгаруучу заводдун ачылышы, Япония техонологияларын колдонуучу торлорду, коргонуу системасы (таш кулоодон, селден, кар көчкүдөн) боюнча тажрыйба жана башка тармактарда кызматташууга кыргыз тарап кызыкдар.
Кыргызстандын рыногунда болот аркандардын чыгарылышында дүйнөлүк лидердин катышып жатканы өлкөгө чет элдик инвестиция тартууга жакшы таасир берет.
Мындай заводдун ачылышы Кыргызстанда кооптуулукту азайтып, ташуулардын сапатын жогорулатууга жакшы шарт түзөт.
Өз кезегинде, япониялык компаниянын төрагасы Ш. Танака Кыргыз Республикасына өндүрүшкө инвестиция салуу маселесин талкуулоо үчүн биринчи жолу келип жатканын билдирди.
Кызматташуунун перспективаларын белгилеген Ш. Танака «Tokyo Rope MFG. Co., Ltd.» компаниясы Кыргызстандагы тоолуу аймактарда жана шаар инфраструктурасында сапаттуу иштерди жасай аларын билдирди. Бул компания чыгарган өнүм дүйнөдө эң жакшылардын катарында жана белгилүү компаниялар тарабынан кеңири колдонулуп келет.
Кыргызстан үчүн «Tokyo Rope MFG. Co., Ltd.» компаниясы кар көчкүдөн сактоо боюнча аскаларды бекемдөө иштери актуалдуу. Бул компания учурда Кыргызстандын аймагында таш кулоодон, селдерден, кар кочкүдөн, жер көчкүдөн, суу ташкындарынан сактоочу системаларды чыгаруучу завод курууга кызыкдар. Мындай завод Кыргызстанда гана эмес Тажикстанда, Өзбекстанда, Афганистанда жолдорду курууда чыккан керектөөлөрдү камыз кыла алмак.
Ошондой эле Ш. Танака эки өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө түздөн түз таасир берген инвестициялык долбоорлорду биргеликте ишке ашырууга жана узак убакыт бою жемиштүү кызматташууга үмүтү бар экенин белгиледи.