Долбоордун жалпы баасы 98,11 млн доллар. Каржылык жардамды Азия өнүктүрүү банкы берип, алгач 3 млн доллар бөлүнөт.
Транспорт жана жол министринин орун басары Азимкан Жусубалиев долбоор Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас облустарын Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустары менен байланыштырууга жардам берерин билдирди.
Жолдун туурасы 3,75 метр болуп, жол кыймылы үчүн атайын тосмолор, жөө адамдар өтүүчү жерлер жана башка техникалык каражаттар колдонулат.
Макулдашууга ылайык, 95,11 млн доллар каржылоо каралууда, анын ичинен насыя 41,9 млн жана гранттык каражаттардын суммасы 36,72 млн доллар.
Жеңилдетилген насыя 8 жылга жылына 1% үстөгү менен берилмекчи. Кыргыз Республикасы тарабынан каржылоо 19,24 млн долларды түзөт.
Эн башкысы бул насыя мөөнөтү жана төлөө шарттары боюнча республикалык бюджетке оорчулук келтирбейт.