Почему Россия отказывается пополнять Российско-Кыргызский Фонд Развития?
Таза энергетиканын өсүүсү жана казылып алынган майга болгон суроо-талаптын төмөндөшү нефтегаз тармагындагы ири ишканаларга, жада калса BP жана Shell компанияларына дагы коркунуч жаратууда. Рыноктогу өз абалын сактап калуу үчүн 2035-жылга карата корпорациялар калыбына келүүчү булактарга 350 млрд доллар салышы керек.
Экономические ожидания от визита Владимира Путина
Ири нефтегаз компаниялардын инвестициясынын бешинчи бөлүгү калыбына келүүчү энергетикага жумшалышы керек деп санашат экономикалык аналитиктер. Эксперттер 2035-жылга карата нефтиге болгон суроо-талап рекорддук төмөн көрсөткүчтө болот деп санашат, себеби бул жылга жакын күндөн жана шамалдан алынуучу энергетикага болгон суроо-талап жогорулайт. Шамал энергетикасынын жылдык өсүүсү 6%, күн энергетикасыныкы 11%, ал эми нефти тармагы болгону 0,5% болот.
Аны менен катар эле киреше дагы азаят. Учурда нефтегаз компаниялардын кирешеси кайра калыбына келүүчү булактардан 33 эсеге көп, 3025-жылга карата киреше болгону 13 эсеге көп болот. Өзгөрүүлөр BP, Shell жана Total сыяктуу гиганттарга да тиешелүү болот. Нефтиге болгон суроо-талаптын төмөндөшүн токтотуп коюуга мүмкүн эмес.
В Жогорку Кенеш рассмотрели реструктуризацию задолженности ОАО «Электрические станции» и «Национальная электрическая сеть Кыргызстана»
Ири энергетикалык компаниялар нефть жана газ рыногунун 12%ына ээ. Бул үлүштү сактап калуу үчүн алар таза энергетикага 350 млрд доллар инвестиция салуулары кажет. Аналитиктер нефтегаз гиганттары дагы бул сумманы көтөрө албайт деп санашат.
Айрым ишканалар алгачкы өзгөрүүлөрдү сезишти. Ушул жылы норвегиялык Statoil Шотланияда алгачкы шамал электростанциясын ишке киргизет. Shell болсо Голландиянын жээгине шамал электростанцияларын курууну пландап жатат жана 2020-жылга чейин жылына биомайга, кайра калыбына келүүчү булактарга 1 млрд доллар инвестиция салат.
Dong Energy компаниясы болсо нефть жана газ алуу боюнча бизнесин Ineos британиялык тобуна сатып жиберип, кайра калыбына келүүчү энергетика боюнча долбоорлорго киришти. Америкалык компаниялар азырынча артта калууда, себеби АКШда нефтинин жана газдын баасы Европага салыштырмалуу арзан.
Аналитиктердин пикиринде, көптөгөн нефтегаз компаниялары таза энергетиканы жарнама үчүн колдонушуп, чындыгында бул тармакка каражат салууну көздөбөй эле. Oil Change International уюмунун өкүлү Грег Матит буга кошулбаган жалгыз компания Total деп санайт. Бул компания таза энергетика тармагында долбоорлорду иште чыгууга атайын бөлүмдөрдү ачкан. Ал жакта 13 000 киши иштейт, ал эми капиталдык чыгымдары 2016-жылы 4,7 млрд долларды түзгөн.
2016-жылы энергетиканын калыбына келчү булактары тарыхта чоң өсүүнү көрсөттү — 14,1%. Ошол эле учурда дүйнөдө көмүрдү колдонгондордун саны экинчи жыл катары менен төмөндөөдө. Өсүү болору күтүлүүдө жана буга байланыштуу тармакка инвестиция салуу да жогорулайт. Frost & Sullivan компаниясынын докладына ылайык, 2017-жылы көмүр жана газга караганда күн энергетикасына инвестиция көп салынат. Жалпысынан калыбына келүүчү булактарга 2040-жылга карата 243 млрд доллар салынат.
Кыргызстанда болсо азырынча калыбына келүүчү энергетиканы колдонуу пландалбай эле, бирок шамал энергетикасын алууга бардык шарттар бар. Ал эми өкмөттүн кытайлык көмүр станцияларын Кыргызстанга көчүрүп келүү тууралуу чечими биздин өлкө “чоң оюнда” таштандыларды иштетип көрүүчү полигон катары колдонулуп жатканынан кабар берет.