• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргызстанда чет элдик жарандардын жумушка орношуусуна уруксаат берүүнү жөнөкөйлөштүрүлөт

33

👁 1,537

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков чет элдик жарандардын жумушка орношуусуна уруксат берүүнү жеңилдетүү маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кемешменин жүрүшүндө Өкмөт башчы чет элдик жарандардан, анын ичинде инвесторлордон, ишкерлерден, жогорку окуу жайлардын кызматкерлеринен уруксат берүү процесси ачык эмес, өтө жай жана ыңгайсыз деген нааразычылыктар түшүп жатканын белгиледи, – «Биз инвесторлорду жана жогорку окуу жайларга мыкты окутуучуларды тартып жатабыз, ал эми мамлекеттик органдар алардын өнүгүшүнө жол бербей, уруксат берүү процесси менен кыйнап жатышат».

«Мамлекеттик миграция кызматы үстүбүздөгү жылы жумушка орношууга уруксат берүү процессин создуктуруп салды. Квоталардын саны боюнча документтер өз учурунда иштелген эмес. Буга байланыштуу айрым чет элдик жарандар айып пул төлөөгө мажбур болушту. Абал талданышы керек. Эгерде кечиктирүү маморгандардын айынан болсо, айылпул салынбашы керек. Ал эми кызматтын жетекчилиги бир жуманын ичинде абалды жөнгө салышы зарыл», – деди Сапар Исаков.

«Биринчи кезекте жумушка орношууга уруксат берүүдө кармалуулар орун албашы зарыл. Өкмөт жумушка орношууга уруксат алууга арыз берүү процессин ыңгайлаштыруусу керек.

Ири ишканалар, бизнестер ачылыш үчүн жана эл аралык окуу жайлардан профессорлор келиши үчүн биздин мыйзамдарыбыз, процедураларыбыз инвесторлор үчүн жагымдуу болушу шарт. Инвестициялар – бул экономиканын кыймылдаткычы, бул салыктын түшүүсү жана жаңы жумушчу орундардын пайда болуусу», – деди Сапар Исаков.

Кеңешменин жыйынтыгында Премьер-министр бир жумалык мөөнөттө жумушка орношууга уруксат берүүнү жеңилдетүү маселесин иштеп чыгуу тапшырмасын берди, тактап атйканда:

- «Таза Коом» программасынын алкагында документтерди он-лайн тапшыруу, тийиштүү төлөмдөрдү аткарууга жана жумушка орношууга уруксат алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү үчүн платформаны иштеп чыгуу;

–Уруксат алуучулардын категорияларын аныктоо: проритеттүү иретте инвесторлорго, ишкерлерге, бизнеске, академиялык персоналга уруксаат берүү (уруксат берүүнүн мөөнөтүн кыскартуу);

- Көрсөтүлчү документтердин тизмесин кыскартуу жана жеңилдетүү боюнча карап чыгуу;

- Келишим мөөнөтү боюнча тийиштүү далили же узак мөөнөттүү инвестициялык планы болгон чет элдик жарандардын жумушка орношууга уруксаат мөөнөтүн үч жылга чейин узартуу маселесин изилдеп чыгуу;

- Жумушка уруксаат берүүдөн баш тартуунун негиздүү мотивациясы үчүн так критерийлерди иштеп чыгуу.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости