Рас Аль-Хайма – бул нефть жок эмират, бирок анда башка пайдалуу кендер бар деди.
Рас Аль-Хаймда жакынкы чыгышка 60 пайыз жүк ташууну жүргүзгөн 5 кеме порту бар экендигин кабарлады.
“Өнөр-жай тармагы бар, авиация да өнүккөн, азыркы тапта авиа каттамдар кеңейүүдө. Биздин авиауюмдар бүткүл дүйнөгө таанымал. Биздин өлкө кыргыз компанияларына иш алып баруусуна лицензия жана жабдууларды сатып алуудан баштап баардыгына жардам беребиз”,-деди ал.
Экономика министри А.Кожошев өз сөзүндө бизнес-форум пикир алмашуучу аймак экенин жана ал Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын экономикалык карым-катнашын мындан ары өнүктүрүүдө жана эки өлкөнүн ишмердүүлүк байланышын арттырууга жардамдашарын билдирди.
Эске сала кетсек, 2014-жылдын декабрь айында эки тараптуу кызматташтыктын тарыхында алгачкы жолу президент Алмазбек Атамбаев БАЭге иш сапары менен барган. Анын жүрүшүндө экономикалык тармактагы негизги макулдашууларга кол коюлган.
А.Кожошев БАЭнин географиялык жайгашуусу жакшы экенин жана инфрастурктурасы, коммуникациясы өнүккөнүн баса белгиледи. Учурда эки өлкө ортосунда жүргүнчү ташуучу каттамдар бар жана аны жүк ташуу сыяктуу кошумча кызматтарды кошуу менен кеңейтүү зарыл.
Түз аба каттамы эки өлкөнүн кызматташуусунда жакшы натыйжа берүүдө. Мисалы, туристтик тармак өнүгүүдө, БАЭнин ишкерлери Кыргызстандын туристтик кызматтарына кызыгууларын билдиришүүдө.
Биз БАЭнин башка тармактагы өнүгүү тажрыйбаларын үйрөнүшүбүз керек, мисалы, исламдык банк тармагындагы жетишкендиктер, кайра калыбына келүүчү энергетика булактары, инвестиция тартуу”,-деп кошумчалады министр.
Кыргыз Республикасынын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү үчүн экономикалык байланыштарды тереңдетүү үчүн бардык шарттар бар. Бул мүмкүнчүлүктөрдүн мазмунун тереңдетүүгө убакыт келди, сиздерди тигүүчүлүк, өнөр-жай, айыл-чарба өнүмдөрүн кайра иштетүү, туризм, маалыматтык технологиялар сыяктуу тармактарга инвестиция салууга чакырам.
Мындан сырткары 2016-жылдын январь айында ЕБ ВСП+ системасына кошулуу укугун берди.
ВСП+ статусун алуу менен Кыргызстан 6200 товар түрүн алып өтүүдө бажы салыгына жеңилдиктер берилет. Бул ишкерлердин чыгымын азайтып, алардын капчыгы үчүн бир топ эле пайда алып келүүдө. Учурда Кыргызстан Борбор Азиядагы ВСП+ укугун алган жалгыз өлкө.
КМШ өлкөлөрүнүн ичинен электр энергиясына болгон баа эң төмөн болуп саналат. Өлкөдө кесипкөй адистер бар жана кыска мөөнөттө адистерди даярдоочу билим берүү системасы өнүккөн.
Жогоруда айтылган факторлор КРда инвесторлордун активдүү иш жүргүзүүсүнө өбөлгө болот. Биз бул иш-чара эки тараптуу идеяларды алып чыгууга жана көп убакытка кызматташуу үчүн жакшы түрткү болот деп ишенебиз”,-деди А. Кожошев.
Белгилей кетсек, бизнес-форумдун максаты – соода-экономикалык жана инвестициялык мамилени жакшыртуу жана эки өлкөнүн ишкердик коомчулугу ортосундагы байланышты түзүү.