• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

ЕАЭБ: Жогорку Кеңеш 100 млн долларлык жардам боюнча протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талкуулоодо.

????????????????????????????????????

👁 735

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин, Россиянын жана Казакстандын биздин өлкөгө техникалык колдоо көрсөтүүсү боюнча талкуулар уланууда. Бул өлкөнүн ЕАЭБге кирүүдөгү нормативдерге жана стандарттарга ылайыкташуусу үчүн бөлүнө турчу каражат.

Кезекте Казакстан тарабынан убадаланган Кыргызстанга болгон 100 миллион сом жардамын талкуулоо турууда. Бул каражаттар керектүү жабдууларды, анын ичинен ветеринардык жана санитардык көзөмөл үчүн жана лабораторияларды курууга багытталмакчы.

Парламентте Казакстандан алынчу жардамдын кечеңдеп жатканынын себеби талкууланды. Жыйындын жүрүшүндө 2016-жылдын 26-декабрындагы Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы Жардам берүү жана аны пайдаланууну көзөмөлдөө тартиби жөнүндө протоколго жана Техникалык колдоо көрсөтүү жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоору каралды.

Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаковдун айтымында, жогоруда соз кылынган документтин алкагында 3 айдын ичинде Казакстан азыр ошол каражаттын эсебинен берилүүчү жардамдын 41 млн доллары келери күтүлүүдө.

Депутат Сайдулла Нышанов 100 млн доллардын ушул кезге чейин создугуу себептерине кызыкты. А.Сазбаков муну кыргыз тараптын сметаны бере электиги менен түшүндүрдү. “Казак тарап 100 млн доллар каржылык жардамдан эч качан баш тарткан эмес. Биздин мамлекеттик органдар анын сметасын даярдоо ишин кечиктирүүдө”,-деди ал.
Казакстандан техникалык жардамды алуу менен абал төмөнкүдөй болмокчу.

Кол коюлган Протоколдун алкагында биз 100 миллион долларды акча жана башка техникалык жардам түрүндө алуубуз керек эле. Биз тарап өз убагында чыгымдардын сметасын берген эмес. Казакстан мындан кийин жардамды 41 миллион сомго чейин кыскартып салган. Алар кыргыз өнөктөштөр бул сумманы колдоно алышпайт деп эсептешкен. Ошондуктан башка Протоколго кол коюу маселеси келип чыккан, ал болсо мурунку Протоколго өзгөртүүлөрдү киргизет.

Биздин министрликтердин жана ведомстволордун Казакстандан техникалык жардам алуусуна даяр болбогондугун жана ага шашпагандыгынын себебин түшүнүү кыйын болуп турат. Биздин өлкө дүйнө жүзүнөн дайыма акча сураган жана миллиарддаган гранттарды жана финансылык жардамдарды алган мамлекеттердин алдында турат. Смета даярдоо биздин аткаминерлер үчүн өтө оңой.

Эмнеге алар казак тарапка чыгым сметасын берүүнү создуктуруп жатышат?

ЭКОНОМИКА мунун сыры биздин аткаминерлердин адистик жагына даяр эместигинде эмес, казак тараптын биздин аткаминерлер гранттарды кандай бөлүшүп аларында деп ойлойт. Кантсе дагы коңшубуз анан боордошубуз эмеспи. Россия Кыргызстанга финансылык жардам көрсөтүүдө өтө деле тактыкты талап кылбай, каражаттын 10–15 пайызынын сыйкырдуу түрдө жоголуп кетүүсүнө көз жумуп келсе, казак тарап ар бир доллар үчүн “салгылашууга” даяр.

Балким казак тарап чыгымдар сметасы боюнча катуу талап койгондур? Чыгымдарды отчетто гана көрсөтүп койсо болот жана айрым учурларда чыгымдарды эсептеген квитанцияларды жана башка документтерди көрсөтүү керек эмеспи. Дал ушул жерден биздин аткаминерлер “кармалып” калышкан.

Албетте, эртеби кечпи тараптар бир пикирге келишип, каражаттар Кыргызстанга которулат. Бирок биздин министрликтер жана ведомстволор жөнөкөй чындыкты билип коюулары керек. Биздин бюджетке келүүчү “алтын” гранттардын доору бүттү.

Батыш Европадагы миграциялык маселелерге жана кризиске байланыштуу жардам берүүнү кыскарткан. Россия жардам берүүнү улантып келет, бирок Путин жана Медведев Бишкектеги өткөн жолугушууда Россия биздин экономиканы дайыма эле кодой албастыгын билдирбедиби. Балким, биздин мигранттар Россиядан Кыргызстанга которгон миллиард долларлар менен гана чектелип калабыз.

Казакстан болсо жардам берсе, демек татыкты, айкындыкты талап кылат, биз болсо “Аны бөлүп алууга болбогон соң жардамдын эмне кереги бар?” деп ойлошубуз мүмкүн.

Жогорку Кеңештин жыйынында дагы бир суроо туулду. Аны депутат Акылбек Жапаров («Бир Бол») көтөрдү. Бул кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун мисалындагы казак-кыргыз өнүктүрүү фондунун иши тууралуу маселе.

Бул Фонддун акчалары кайда? Ким а жакта иштейт? Казакстан ачып беребиз деп сөз бербеди беле? Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна бир топ аткаминерлерди жана туугандарды отургузуп койдук, дагы ишке кире албай жүргөндөр толтура. Казак боордоштор кыргыздарга жарда бергиле да дагы бир “капчыкты” ачкыла.

Биз казак тарап берчү техникалык грантты алуу маселесинен кабардар болуп турабыз. Казак достор тарабынан каражатты берүү боюнча дагы бир топ себептерди жана баш тартууну көрөбүз. А силер эмнени кааладыңар эле? Бекер сыр алып жатып ар кандай күтүлбөгөн абалдарга даяр болгула да. Мындай абал Кыргызстан өзү акча таап, өз каражатына жашап калмайынча улана берет.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости