Российско-кыргызская экономическая комиссия: швеи, убой скота и прочая ерунда. Где реальные проекты сотрудничества?
Германиянын экономика, кызматташуу жана өнүгүү Федералдык министрлигинин Мамлекеттик катчысы Ханс-Йоахим Фухтель Бишкекте өткөн Германия экономикасынын жыйынында немис инвесторлор тобу күндөн алынуучу энергетика тармагына 58 млн евро инвестиция салууга даяр экендигин билдиришкенин айтты.
“Немис тарап ишенимди жаратууга аракет кылууда жана коррупцияга жол берилбейт. Мунун баарын позитивдүү маанайда улантсак болот. Ошондой эле биз тендерлер кандай өткөрүлүп, келишимдер кандай түзүлөрү боюнча макулдаштык. Бул жерде практикада жакшыртуулар болот жана бул жакта болуп жаткан абалга коз салчу топ келет. Биз туура багытта бара жатабыз”,-деди ал.
Минэкономики предлагает налоговую реформу, которая способна резко поднять привлекательность Кыргызстана для международного бизнеса
Андан тышкары ал Кыргызстан артта калган өлколөрдөн башка категорияга өткөнүн билдирип, Европа менен карым-катнаш түзүүну өнүктүрүү боюнча жакшы жакка өзгөрүүлөр болгонун баса белгиледи.
Экономические ожидания от визита Владимира Путина
Вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев жолугушуу учурунда Кыргызстан үчүн Германия ири өнөктөштөрдүн бири экенин билдирип, эки өлко ортосундагы соода жалпы тышкы сооданын 28,3%ын түзөрүн айтты.
Китайцы рассказали о работе на Apple до потери крови
Биринчи вице-премьер-министр бирдиктүү кыргы-немис ишканаларын ачса болорун, жеңил өнөр-жайга инвестиция салса болорун айтып, бажысыз сооданы жөнго салуу зарылдыгын белгиледи.
«Биз Германия тараптын биздин өлкөгө, энергетика, билим берүү медицина, айыл чарба тармагында колдоо көрсөтүүлөрүн жогору баалайбыз. Аны менен бирге Германия биздин өлкөгө ири суммада гранттык негизги колдоо көрсөтүп келе жатат. Кыргызстан ЕАЭБдин курамына киргенден кийин 180 млн. калкы бар рынокко чыгууга жол ачылды. Бул багытта да Германия менен бирге ишке ашыра турган бир топ долбоорлор бар. Ошондой эле өлкөнүн инвестициялык саясат мыйзамдарына өзгөртүү киргизилди. Бир катар мамлекеттер үчүн 60 күнгө визасыз режим киргизилген», –деди Мухамметкалый Абулгазиев.
Ал ошондой эле ал Германияга энергетика, айыл чарба тармагына инвестиция салуу боюнча иликтөө жүргүзүү кызыктуу болорун белгиледи.