• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Чоң акчалар. Техно-экономикалык негиздемеге 530 миң доллар

aeroport-manas-3

👁 984

Депутаттар трасттык фонддун грантын берүү жөнүндө макулдашуу-катты ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алышты.
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Борбор Азиядагы жол катнаштарын жакшыртуунун сунушталган үчүнчү фазасын (CARs-3) (TF0A4647) даярдоо үчүн Трасттык фонддун грантын берүү жөнүндө макулдашуу-катты ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан алдына турган 530 миӊ доллар өлчөмүндөгү грантык каражат жолдорду жакшыртуу долбоорунун 3-фазасын даярдоо жаатында жумшалат. Анын алкагында Ысык-Көл аймагындагы жолдорду жакшыртуунун техно-экономикалык негиздемеси иштелип чыгууга тийиш. Андан тышкары, «Каракол» аэробекети калыбына келтирилип, «Ысык-Көл» аэробектинин инфратүзүмү жакшыртылмакчы.

2016-жылдын 4-октябрында КРнын Финансы министрлиги Буткүл дүйнөлүк банкка кайрылып, трасттык фонддон аймактарды өнүктүрүү үчүн грант сураган.

Эмнеге шашылыш болууда? Техно-экономикалык негиздеменин эмне кереги бар? Бул суроолорго жооп издеп көрдүк.

Маалымат үчүн:

Техно-экономикалык негиздеме – бул кызматтын же өнүмдүн максатка ылайыктуу экени жазылган документ. Анда кандайдыр бир долбоордун чыгымдары анализденип, анын натыйжасы тууралуу маалыматтар жазылат.

Башкача айтканда, техно-экономикалык негиздеме жарым миллион доллар туруп жаткан соң бул жөн гана кагаз деп айтууга болбойт.

Техно-экономикалык негиздеменин эмне кереги бар?

Ишканалардын ишинде кандайдыр бир өзгөрүүлөр боло турган болсо эрежеге ылайык техно-экономикалык негиздеме иштелип чыгат. Негиздемени түзүп жатканда ишканага түз же кыйыр тиешеси бар каржылык көрсөткүчтөр эсептелип жазылат.

Эгерде техно-экономикалык негиздеме мыкты түзүлсө ишканага канча каражат керек насыя алуу зарылбы жокпу белгилүү болот. Ошондой эле тиешелүү жабдууларды тандап, ишкананын ишмердүүлүгүн туура жүргүзүүгө өбөлгө болот.

Техно-экономикалык негиздеме банктан насыя аларда сөзсүз түрдө документтерге тиркелет. Мындан улам насыя берүү жана анын кайтарымджуу болуусу белгилүү болот.

Техно-экономикалык негиздеме кантип түзүлөт?

Техно-экономикалык негиздеме төмөнкү жоболордон турат:

Долбоордун резюмеси

Долбоордун идеясы. Ал эмнеге керек. Жана мындан ары кандай кадамдар боло тургандыгы баары так жана даана жазылат.

Негиздеме. Эмнеге дал ушундай чечим кабыл алынды, эмнеге дал ушул ишмердүүлүктү жана жабдууну тандаганы дагы толук жазылат. Ошондой эле бардык эсептик тизмелер кирет.

Өндүрүш үчүн керек болгон эсептер (каржы, чийки зат, эмгек акы, энергетика). Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн канча каражат керектиги эсептелет. Эгерде техно-экономикалык негиздеме насыя алуу үчүн жазылса, анда баардык киреше булактары жагы жазылууга тийиш.

Экономикалык негиздеме (ишкана өзгөргөндөй кийинки эсептер). Натыйжалар, жыйынтыктар.

Бүттү! Эми ушунун баары 530 миң доллар болот экен.

Трасттык фонд Финансы министрлигинин арызын карап 530 миң доллар грант бөлүүгө макул болуптур.

Жыл өткөн сайын адистердин кызматтары кымбаттап жатат. Ал эми бюджеттин эсебинен айлык алып жашаган депутаттар бул каражаттарды кайра кайтарып берүү керектигин ойлонуп да коюшпайт.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости