Кыргызстандан Экономика министри Арзыбек Кожошев барган.
Дүйнөлүк экономиканын серептерине ылайык, негизги каржылык жана товардык агымдар АКШ — Европа — Түндүк-Чыгыш- Азия жана Кытай үч бурчтугунда топтолот. Бүгүнкү күнү БААЭК өлкөлөрүнүн алдындагы маанилүү иштердин бири – Европа жана Азия ортосунда континенттер аралык көпүрө болуу.
Ири аймактык биримдиктердин түзүлүшү, анын ичинде БААЭК глобалдашуу процесси менен байланыштуу жана аны кайтарып алууга болбойт, себеби дүйнөлүк экономика чынжырчанын кеңейүүсүн талап кылат жана биз кааласак да каалабасак да ага көнүүбүз кажет.
Мисалы, Кыргызстан көп тармактарда, агро өнөр-жай комплексинде, тигүүчүлүк жана башка тармактарда өндүрүүчү боло алат. Мындан сырткары биз туризмдин бардык түрлөрү – пляж, медицина, экстремалдуу тоо туризми боюнча рекреациялык аймак боло алабыз.
Мисалы, реформалар болгондон кийин ишкананы каттоо үчүн, мисалы жоопкерчилиги чектелген коомду каттоо үчүн Кыргызстанда эми 3 күн гана керектелет, аны менен катар эле каттоо процедуралары экиге кыскарды.
Гидроресурстар боюнча Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Орусия менен Тажикстандан кийин үчүнчү орунда турат. Кубаттуулугу боюнча Нарын суусу орусиялык Волга, Ангара сууларынан ашып түшөт. Кыргызстандагы ири жана орто дарыялардын гидроэнергетикалык потенциалы кубаттуулугу боюнча 16,0 млн. кВтты, энергия боюнча 142,5 млрд. кВт/саатты түзөт. Ушундай ири корлорго карабастан гидроэнергоресурстарды колдонуу учурда 9,2%ды гана түзөт.
БААЭКтин программасынын алкагындагы аймактык кызматташтык боюнча жаңы демилгелердин бири болуп азык-түлүк коопсуздук маселеси кириши мүмкүн.
Болжолдор боюнча, калктын санынын жана кирешенин өсүп жатканына жана урбанизация темпинин тез болуп жатканына байланыштуу 2050-жылы азык-түлүккө болгон суроо-талап 2010-жылга салыштырмалуу эң аз дегенде 60%га жогорулайт. Ошентип, айыл-чарбасы жана климаттын өзгөрүүчү көз каранды болгон азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, экосистеманы коргоо үчүн биздин аймактын айыл-чарба тармагы тууралуу маселени күн тартибине киргизүү зарыл.
Ошондой эле Экономика министри Алматы-Бишкек экономикалык коридор боюнча жетишкендиктерге токтолуп кетти.
Казакстан менен Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөлөрү болуп саналат, ошол эле учурда БААЭК долбооруна да кирген. Кыргызстан мындай процесстин уюштуруучусу боло аларын жана мындай долбоорду ишке ашырууга керектүү ресурстарды бере аларын айтсам боло. ЕАЭБ жана БААЭКтин экономикалык өнөктөштүгүнүн алкагында жетишерлик деңгээлде иш алпаруу үчүн тажрыйбалуу эксперттер бар жана штаб-квартирасын Бишкекке жайгаштырсак болот.
Кыргыз республикасы БААЭК программасына зор маани берет. Интеграциялык биримдиктин алкагында Борбор Азия аймагында болуп жаткан долбоорлор БААЭКте актуалдуураак болот.