• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Насыя алуучулардын басымдуу бөлүгү коммерциялык банктардын туруктуу кардарына айланбашы керек

par

👁 607

“Айыл чарбасына каралган пайызы аз насыяларды 14 миңге жакын дыйкан-фермерлер гана алып жатышат. Бул муктаждыкты жабууга деп мамлекеттен субсидия берилет. Быйылкы жылга 1 млрд. 50 млн.сом белгиленген. Ал негизинен банктардын пайызын төмөндөтүүгө гана жумшалып кетүүдө. Мен буга каршы көз караштамын. Кыргыз-орус фондусунанбы, же башка каржы булактарын таап, ошол каражаттар аркылуу кардарларга түз эле кредит берүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн караштыруу керек”, — дейт депутат Зиядин Жамалдинов “Парламент” радиосуна курган маегинде. 

Ошондой эле депутат, — “Насыя алып жаткандардын басымдуу бөлүгү туруктуу кардарга айланып алышкан. Мүмкүн болсо алардын тизмеси улам жаңыртылып, кредит алуучулардын катары кеңейип турушу керек”, — деп да кошумчалады. Ошондой эле ал, — керек болсо, мамлекет 25 млрд. сомдук каражатты сунуштаса, насыя алып ирденип алчулар көп болмогун да белгиледи.

Үстөк пайызы төмөн саналган негизги банк “Айылбанк” ААКсы. Анын башкармалыгынын төрагасы Мурат Акимов да радиопрограммага катышып, региондорду өнүктүрүү, жаңы иш орундарын түзүү багытындагы каржылоо иштерин айтып берди.

“Үстүбүздөгү жылы эле “Айылбанк” тарабынан 6 млн. сом таратылган. Аны алгандардын 83%ы элеттин тургундары. Үйлөрүн сел жууп кеткен жарандардын маселесин чечүүгө да каражат каралып, ипотекалык насыялоо иштерине да катышып жатабыз”, — дейт “Айылбанктын” жетекчиси.

Ошондой эле адистин айтымында, азыркы тапта “Айылбанктын” кызматынан пайдаланган кардарлардын жалпы эсеби 60 миңге жетти. Ал эми айыл чарбасын каржылоо иштерине деп быйылкыга 1 млрд. 800 млн. сом каралган. Анын 1, 5 мдрд. сому таратылды.

Насыя алып жаткан кардарларга келишимдик маалыматтардын так түшүндүрүлүшү үчүн банк адистеринин кесиптик деңгээли чоң мааниге ээ. Ошондуктан, адистердин даярдыктарына өзгөчө көңүл бурулат, — дейт “РСК банк” ААКнын персоналдар менен иштөө башкармалыгынын башчысы Самат Ниязбеков.

“РСК банк” ААКнын региондордо иштеп жаткан 51 бөлүмчөлөрү бар. Алар “Кыргызпочтасы” менен да кызматташтыкты улантууда. Себеби, айлык маяналарды карточкалык тарипте таратууда алыскы айыл тургундарына кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлүш керек. Бул жагынан жетишпөөчүлүк жок, — деди “РСК банк” ААКнын өкүлү.

Ал эми банк менен кардарлардын ортосунда түзүлүп жаткан келишимдин майда ариптер менен терилгендиги да көйгөй жараткандыгы айтылып келген. Бирок, бул Улуттук Банк тарабынан бекитилген талапка ылайык, 12 – ченемдеги тамгалар менен жазылат, — деп түшүндүрдү адис.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости