“Айыл чарбасына каралган пайызы аз насыяларды 14 миңге жакын дыйкан-фермерлер гана алып жатышат. Бул муктаждыкты жабууга деп мамлекеттен субсидия берилет. Быйылкы жылга 1 млрд. 50 млн.сом белгиленген. Ал негизинен банктардын пайызын төмөндөтүүгө гана жумшалып кетүүдө. Мен буга каршы көз караштамын. Кыргыз-орус фондусунанбы, же башка каржы булактарын таап, ошол каражаттар аркылуу кардарларга түз эле кредит берүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн караштыруу керек”, — дейт депутат Зиядин Жамалдинов “Парламент” радиосуна курган маегинде.
Үстөк пайызы төмөн саналган негизги банк “Айылбанк” ААКсы. Анын башкармалыгынын төрагасы Мурат Акимов да радиопрограммага катышып, региондорду өнүктүрүү, жаңы иш орундарын түзүү багытындагы каржылоо иштерин айтып берди.
Ошондой эле адистин айтымында, азыркы тапта “Айылбанктын” кызматынан пайдаланган кардарлардын жалпы эсеби 60 миңге жетти. Ал эми айыл чарбасын каржылоо иштерине деп быйылкыга 1 млрд. 800 млн. сом каралган. Анын 1, 5 мдрд. сому таратылды.
Насыя алып жаткан кардарларга келишимдик маалыматтардын так түшүндүрүлүшү үчүн банк адистеринин кесиптик деңгээли чоң мааниге ээ. Ошондуктан, адистердин даярдыктарына өзгөчө көңүл бурулат, — дейт “РСК банк” ААКнын персоналдар менен иштөө башкармалыгынын башчысы Самат Ниязбеков.
Ал эми банк менен кардарлардын ортосунда түзүлүп жаткан келишимдин майда ариптер менен терилгендиги да көйгөй жараткандыгы айтылып келген. Бирок, бул Улуттук Банк тарабынан бекитилген талапка ылайык, 12 – ченемдеги тамгалар менен жазылат, — деп түшүндүрдү адис.