2017-жылдын май айында “Бир айыл – бир өнүм” (БАБӨ) долбоорунун өкүлдөрү жана Экономика министрлиги Баткен, Жалал-Абад, Ош, Талас, Нарын облустарындагы активисттер жана бизнесмендер менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.
БАБӨ долбоору – Япония тарабынан демилгеленген жана иштелип чыккан стратегиялык кыймыл. Бул долбоордун уникалдуулугу төмөнкүлөр: максаттуу өнүмдү аныктоо, аны өндүрүү, жергиликтүү ресурстардан гана өндүрүү, таңгактын жана этикетканын дизайнын иштеп чыгуу, сапатына көңүл буруу жана жергиликтүү, дүйнөлүк рынокко алып чыгуу.
Бул системаны колдонуу аймактын экономикалык жактан өнүгүүсүнө алып келе. Долбоордун максаты жергиликтүү ресурстарды пайдалануу менен өнүмдү чыгаруу, калктын кирешесин туруктуу кылуу жана аймактын өнүгүүсүнө салым кошуу.
Ысык-Көл облусундагы БАБӨ долбоорун башка аймактарга дагы жайылтуу Кыргыз Республикасын 2018–2022-жылдарга карата аймактык саясат Концепциясына киргизилген.
Буга байланыштуу долбоордун алкагында Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) техникалык колдоосу менен Ысык-Көл облусундагы БАБӨ долбоорун башка аймактарга дагы жайылтуу үчүн республиканын аймактарында талааларды изилдөө жүрүүдө.
Учурда бул долбоордун алкагында Бишкек шаарында БАБӨ борборун ачуу пландалууда.
Бул борбор шаарда өндүрүүчүлөр үчүн кеңеш берип, маалымат менен камсыз кылып турмакчы.
Ошондой эле өнүмдү иштеп чыгууда, аны сатууда жана бизнес байланыштарын жакшыртууда көмөкчү болмокчу.