Учурда приоритеттүү багыттар төмөнкүлөр:
- мамлекеттик секторду оптимизациялоо жана мамлекеттин экономикада экономикалык жактан акталбаган катышууларын кыскартуу;
- Ашыкча мамлекеттик ишканаларды кыскартуу;
–Мамлекеттик ишканалардын профилдүү эмес мекемелерин натыйжалуу пайдалануу;
–Мамлекеттин катышы бар чарбачыл коомдорду башкарууда Мамлекеттик ишканалардын ролун жана жоопкерчилигин жогорулатуу;
- Мамлекеттин катышы бар чарбачыл коомдорду белгиленген тартипте менчиктештирүү.
Муну менен катар эле Экономика министрлигинин демилгеси менен 2012-жылдын 30-ноябрындагы Өкмөттүн токтому менен Кыргыз Республикасында акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун ишин оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, Ведомстволор аралык комиссия тууралуу Жобо бекитилген.
2016-жылы мамлекеттик бюджетте дотацияда отурган мамлекеттик ишканаларды кайрадан уюштуруу, иштебеген мамлекеттик ишканаларды жоюу жана бирдей функцияны аткарган мамлекеттик ишканаларды бириктирүү тууралуу активдүү иштер жүргүзүлө баштаган. 2016-жылы Өкмөттүн чечими менен 168 мамлекеттик ишкана оптимизация болгон. Алардын ичинен иштебеген 77 ишкананы жоюу, мамлекеттик бюджетте дотацияда турган 54 ишкана мамлекеттик мекеме болуп кайра уюштурулду, ал эми 37 ишкана башка мамлекеттик ишканаларга бириктирилди. Ал эми үстүбүздөгү жылы 25 аймактык ишкана «Кыргызжилкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасына кошулуп, ал «Кыргызтеплоэнерго» мамлекеттик ишканасы болуп аталып калды. Бул иштер уланууда.
Бул иштерди камсыз кылуу үчүн 2016-жылы Өкмөттүн чечими менен Экономика министрлиги тарабынан мамлекеттик ишканалардын ишинин экономикалык максатын аныктоочу ыкмалар кабыл алынды, анын негизинде алардын ишин анализдөө жүрөт.
Ошо эле учурда министрлик мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуу, бирдей эрежелерди киргизүү, иштин ачык айкындуулугун жогорулатуу, чарбачыл коомдорго байланыштуу маселелерде Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун ыйгарым укуктарын күчөтүү боюнча маселелерди көтөрүп келет.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду бир жыл ичинде өз милдеттерин аткара албаганы менен мамлекеттик органдар карамагындагы жана атайын мамлекеттик тапшырмаларды аткаруучу тар профилдүү бардык мамлекеттик ишканаларды өз карамагына алуу боюнча сунуш киргизген. Тактап айтканда, Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” ишканасын, жол курулуш, коргоо коопсуздугу, түзөтүү мекемелери ж.б. ишканалар. Муну менен катар эле демилге тиешелүү анализ жүргүзүлбөй эле, эсептөө жок эч кандай негизсиз киргизилген. Буга байланыштуу Экономика министрлиги Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна анализ жана эсептөө жүргүзүүнү сунуштаган.
Учурда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду 58 акционердик коомдо акционер, алардын 13ү иштебейт жана 6сы жоюлуу алдында.
Мамлекеттик компанияларга тоскоол болгон негизги маселелер:
–Мамлекеттик компаниялардагы директорлор кеңешинин жана текшерүүчү комиссиялардын ишинин натыйжалуулугунун төмөндүгү;
–Өз милдеттерине формалдуу мамиле кылуу.
Мамлекеттик мүлк фондунун акционер укугун натыйжалуу пайдалана албагандыгынан жана мамлекеттик компанияларды башкарууда кадрларды тандоонун начарлыгынан улам ушундай абал түзүлгөн.
Бул маселелерди чечүү үчүн Экономика министрлигинин демилгеси менен 2012-жылдын 20-июлунда Өкмөттүн “Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер субъекттерди башкаруунун системасынын натыйжалуулугун көтөрүү боюнча чаралар жөнүндө” токтому кабыл алынган. Анда мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарына дайындоо үчүн талапкерлер тейлеген мамлекеттик органдардын сунуштары боюнча Мамлекеттик мүлк фонду тарабынан киргизилет. Бирок бул механизм Фонддо коррупцияны жараткан.
Ошондой эле министрлик тарабынан иштелип чыккан жана Өкмөттүн 2015- жылдын 20-майындагы токтому менен Мамлекеттин катышы бар чарбачыл коомдордогу мамлекеттик өкүлдөрдүн ишмердүүлүгүн баалоо механизмдери бекитилген. Бүгүнкү күндө мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тарабынан мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордогу директорлор кеңешинин жана текшерүүчү комиссиянын ишине баа берүү үчүн колдонулуп келет.
Муну менен катар эле министрлик тарабынан мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке берүү, мамлекеттик менчик тууралуу мыйзамды жакшыртуу, жаңы тиешелүү мыйзамдарды иштеп чыгуу боюнча иштер активдүү жүрүүдө.
Коррупциялык факторлорду азайтуу максатында жана менчиктештирүү механизмдерин жакшыртуу жана ачык айкындуулукту камсыз кылуу үчүн мамлекеттик менчиктештирүү боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген (2012-жылдын 8-ноябрындагы жана 2014-жылдын 18-июлундагы КРнын мыйзамдары), анда коррупциялык иштердин алдын алуучу жана тиешелүү талаптар, эрежелер жазылган.
2014-жылы кабыл алынды:
–Мамлекеттик ишканалардын балансындагы негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тууралуу жобо;
–Конфискация болгон, чарбачыл эмес жана мурас катары мамлекетке өткөн мүлктү сатуу, баалоо, каттоо тууралуу жобо;
–Мамлекеттик акциялар пакетин баалуу кагаздан рыногунда жана башка ченемдик-укуктук актыларда сооданы уюштуруучулар тууралуу жобо.
2015–2016-жылдары “улуттук холдинг компаниялары” тууралуу, “КРнын убактылуу өкмөтүнүн талаш жараткан айрым Декреттери” тууралуу мыйзамдар иштелип чыгып, кайра Жогорку Кеңеш тарабынан чакыртылып алынган.
2016-жылы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду жага Улуттук статистикалык комитет тарабынан КРнын негизги фонддорун классификациялоо иштелип чыккан. Бүгүн “КРнын мамлекеттик мүлкүн башкаруу” тууралуу мыйзамдын жаңы долбоору Өкмөттүн кароосуна киргизилди.
Жалпылап айтканда жакынкы күндөрү мамлекеттик мүлктү башкарууда эффетивдүүлүктү жогорулатуу жана кирешесин көбөйтүү үчүн төмөнкү иштерди жүргүзүү пландалууда:
-“Мамлекеттик мүлк тууралуу” мыйзам долбоорун иштеп чыгуу;
–Ижара тууралуу келишимдерди түзүүнү электрондук форматка өткөрүү;
–курулушу бүтпөгөн мекемелерди ишке киргизүү үчүн, эскилиги жеткен жана кыйрап калган мекемелерди оңдоо үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин колдонуу;
- мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке берүү процессин жөнгө салуу;
–чарбачыл коомдордун балансында калган социалдык-маданий мекемелерди инвентаризация кылуу жана аларды андан ары колдонуу боюнча чараларды көрүү.