Правительство подарило миллионы бюджетных сомов в распоряжение друга Премьера
2017-жылы кыргызстандыктардын жашоо минимумум жогорулайт. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2017-жылы пенсия 5,9% жогорулайт. Минималдуу пенсиянын көлөмү 5 330 сом болот.
Бул ИДПнын өсүүсүнө байланыштуу болмокчу. 2017-жылы ИДП 77,7 миңден 83 миңге же 6,8% жогорулары күтүлүүдө.
Экономисттер жумушчу орундар 70 миңге көбөйөрүн да белгилешүүдө.
Калктын кирешеси 338,7 млрд сомго жетип, акчанын кирешесинин өсүүсү 2,7% болот.
Маяна орточо эсеп менен 7,5%га жогорулайт.
Орточо айлык акы 1,4%га өсүп, 15 миң 420 сомду түзөт.
Бездумный барьер для бизнеса или коррупционная схема?
2016-жылы бишкектиктердин орточо айлык акысы 18 миң сомду түзүп, 2015-жыл менен салыштырмалуу 8%га жогорулаган. 2016-жылы улуттук статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, 11 ай ичинде орточо маяна 14 миң сомду түзгөн. 2015-жыл менен салыштырмалуу эмгек акы 109,8%га жогорулаган.
Сырткы соода айлануунун көлөмү 6 млрд доллар болору күтүлүүдө, бул 2016-жылга салыштырмалуу 3,8% жогору.
Экспорттоо 7%га жогорулап, 1,8 млрд долларды түзүүсү зарыл. Мындай өсүү айнекти, пахтаны, лампаларды жана башка товарларды экспорттоонун эсебинен болмокчу.
Импорт жаратылыш газынын алынып келүүсүнө байланыштуу өсүп, 12,1% болот. Бул Кыргызстандын аймактарын газ менен камсыз кылууга тыгыз байланышкан.