• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргызстандын эт өндүрүүчүлөрү дагы деле чыгашага учурашууда.

s-aral-9

👁 630

Евразиялык экономикалык биримдиктин ишкерлер кеңешинин президиумунда «Кыргыз эт» Ассоциациясынын жетекчиси Ырысбек Абдырасулов өз пикирин билдирди.

Ассоциация жетекчиси төмөнкүлөрдү айтты: “Эл аралык эпизоотикалык бюронун маалыматына ылайык, бизде эпизоотикалык абал абдан жакшы, бирок Орусия менен Казакстан тарабынан тыюу салуу дагы деле алына элек, бул Кыргызстандын экономикасына терс таасирин берүүдө”.

Президиумдун жыйыны “Жибек жолундагы экономикалык абалды өнүктүрүү – кызматташтыкты бекемдөө” эл аралык экономикалык форумунун алкагында өттү.

Эпизоотия Кыргызстанда 2007-жылы пайда болгон жана Орусия менен Казакстан тыюу салган. Учурда аткаминерлер абал турукташканын билдирип келишет.

Ы. Абдырасулов белгилегендей, түзүлгөн абалдын натыйжасында эт жана сүт азыктары аткезчилик жол менен ташылууда.

“Бизде азыр лабораториялар заманбап болуп, эл аралык стандарттарга жооп берген жаңы жабдуулар коюлууда. Кыргызстанда ЕАЭБдин стандарттарына ылайык, тоолуу аймактарда 2016-жылдын ноябрь айынан тарта малдарды идентификациялоо иштери жүрүүдө. Учурда 60% иш аткарылды жана 2017-жылдын акырына карата иш бүтөт. ЕАЭБде башка окшош долбоорлор жок. Казакстанда долбоор ишке ашпай калды, Орусияда малды идентификациялоо 2018-жылы башталып, бир нече жылдарга созулмакчы. Бизде лабораторияларды заманбапташтыруу жана малды идентификациялоо талаптарга ылайык жүргүзүлүүдө, бул Кыргызстанга экспортко чыгууга жол ачат”.

ЕАЭБде малды идентификациялоо толугу менен жүрбөгөнүн, ал эми Кыргызстан биринчилерден болуп бардык этаптарды бүтүрөрүн белгилей кетүү керек.

Ал эми экономикалык тыюу салуу качан алынары белгисиз жана жергиликтүү эт өндүрүүчүлөр маселени чечүү үчүн башка жолдорду издеп келишет.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости