Правительство подарило миллионы бюджетных сомов в распоряжение друга Премьера
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 26-февралда, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борборундагы «Бабатрон II» гамма-терапевттик аппараттын ишке берилишинин ачылыш салтанатына катышты.
Өз сөзүндө Өкмөт башчы Индиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Лакшманан Сависри аркылуу индиялык тарапка жогоруда аталган медициналык аппаратты орнотуудагы өз учурундагы көрсөтүлгөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди. Премьер-министр билдиргендей, тилекке каршы, бүгүнкү күнгө карата республикада онкологиялык оорулар көбөйүп жатат.
Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата
Сапар Исаков заманбап медициналык жабдуулардын катарына кирген «Бабатрон II» аппаратын пайдаланууда медициналык тейлөөгө карата жеткиликтүүлүктү жана анын натыйжалуулугун кескин жогорулатууга, ошондой эле калктын онкологиялык оорулардан жабыркоо деңгээлин жана андан келип чыккан өлүмдүн санын төмөндөтүүгө мүмкүндүк берээрин баса белгиледи.
Өкмөт башчы эске салгандай, Дубай шаарындагы Өкмөттөрдүн Алтынчы саммити алкагындагы Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушууда Ош шаардык онкологиялык клиникасынын муктаждыгы үчүн дагы бир «Бабатрон II» аппаратын бөлүү мүмкүндүгү талкууланган.
Анын айтымында, Өкмөт аталган медициналык мекемеде капиталдык реконструкция өткөрүүнү пландаштырууда.
Мындан тышкары, Өкмөт башчы Улуттук онкология борборунун аймагындагы балдар жана чоңдор үчүн онкогематология бөлүмүнүн курулушунун жүрүшү менен таанышты.
«Бабатрон II» – зыяндуу шишиктерди нур терапиясы менен дарылоо үчүн каралган гамма-терапевттик аппарат болуп саналат.