Бирок баардык эле адамдарды мындай ыңгайсыздык коркута албайт экен. “Күндүн нурунан эмнеге жашынуубуз керек? Күн нурунун энергиясынан пайдаланып калуу зарыл”-дет энергоэффективдүүлүк тармагынын эксперти Наталья Богатова. Ал көп жылдар бою “Чистая энергия” программасында иштеген. Ал программа туруктуу энергетика секторун өнүктүрүүгө, парник газдарынын чыгуусун азайтууга жана анын айланага таасирин төмөндөтүүгө, коомдо туруктуу энергетика идеясын жайылтууга жана энергетиканы үнөмдөөгө багытталган.
“Биздин тоолуу өлкөдө 320 күн күн ачык болот, ал эми түздүктөгүгө караганда күн нуру көп интенсивдүү. Эгерде ал күн нурун “кармап” аны энергияга айландырып койсок аны технологиялык чынжырчага кошуп коюуга болот. Күн бир жылдагы 8–9 ай аралыгында жылуу сууга болгон 90% муктаждыкты жаба алат жана жылытуу убагында 50% жылуулук берет, ошондой эле айылдыктарды 30% энергия менен камсыз кыла алат”,-дейт Наталья Алексеевна.
Эгерде бизди куйкалап жаткан күн нурун кантип пайдаланса болору кимдир бирөөлөрдү кызыктырса алар Бишкектен алыс эмес жайгашкан айылдарга барып келишсе болот. Алар: Ысык-Ата районуна караштуу Ново-Покровка, Москва районундагы Бала-Айылчы, Беловодск, Чүй облусунун Ленин айылдары.
Күн нурунан энергия алган ар кандай жабдуулар үй-бүлөлөрдүн айрым маселелерин чечип, бюджетке дагы киреше алып келет. Эми башка кыргызстандыктар дагы бул жакшы тажрыйбаны үйрөнүп, аны күнүмдүк жашоосунда колдонушса болот.
Баса бул жаңы эмес, унутта калган практика. Совет доорунда эле биздин республикада күн коллекторлору жайылып, Бакинск жана Бартск заводдорунда жасалган жабдуулар Ысык-Көл облусундагы чакан ишканаларда колдонулчу. Бирок энергиянын башка булактары (электр энергиясы, бензин, солярка) бар болгондуктан жана адистердин ал жабдууларды колдонууда тажрыйбалары жок болгондуктан алар учурда иштен чыгып калган. Өлкөдөгү энергетика тармагы аксап тургандыктан айылдыктар үчүн бул чоң табылга болмок.
Өлкө энергетиктери көптөн бери эле станцияларга күч келип жатканын айтышып, бул өзгөчө кышында байкаларын билдирип коңгуроо кагып келишет. Ошондктан бул жерге күн технологиялары жардамга келмек. Дал ошол жабдуулар электр энергиясын өчүрүүдөн сактамак.
Мисалы, кыргызстандыктардын көңүлүн күн челектери да буруп келет. Анда сууну күндүн нурунун жардамы менен жылытса болот. Мындай челек дачаларда жана жер үйлөрдө, бала бакчаларда, мектептерде, ФАПтарда колдонууга ыңгайлуу. Ыңгайлуу жана пайдалуу: ашыкча каражат коротуп кереги жок.
“Бирок бул маселе өзүнөн-өзү чечилип калбайт. Аймактар менен тыгыз кызматташуу зарыл. Ошондой эле ачык талкууларды жүргүзүп, натыйжалар менен элдерди тааныштырып анализ кылуу керек”,-дейт эксперт Илья Меляков.
Энергетиканы колдонуу – жашоодогу кадимки процесс. Кайсы бир учурда адамдар кайра жаралуучу энергияны колдонушкан. Аларга күн энергиясы да кирет. Бүгүн жаратылышка зыян келтирбеш үчүн жана отундарды, көмүрлөрдү текке коротпош үчүн энергетиканын альтернативдүү түрүн колдонуу зарыл. Экологдор экономисттер менен бирге энергетиканы үнөмдөөгө чакырып келишет, ал болсо бардык облустардагы энергияны үнөмдөмөк.
Эгерде айылдыкта күн коллектору, күн челеги, күн меши, күнөсканасы, күн кургатуучусу эң жакшысы күн электростанциясы болсо анда күн нуру алыскы айылдарды, жайлоолорду дагы электр энергиясы менен камсыз кылмак. Ошонодо электр энергиясынын тартыштыгы, калктуу конуштардагы электр энергиясынын жоктугу болбойт болчу. Биз көргөндөй мындай тажрыйба айылдарда бар. Сөз эмес иш жүзүндө! “Ысык күнгө рахмат!”,-дешет алар.
Ирина Байрамукова