Өкмөт үйүндө. 28 февралда Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Санжар Мукамбетов менен Катардын Тышкы иштер министрлигинин башкы катчысы Ахмат бин Хассен Аль Хаммадинин жолугушуусу болуп өттү.
«Сиздин сапарыңыз биздин соода-экономикалык мамилелерибизге кошумча дем берет. Учурдагы өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү азырынча эки өлкөнүн бүтүндөй мүмкүнчүлүгүн камтый элек. Биз сиздин сапарыңызга жана биздин мамилелерибиздин мындан аркы өнүгүүсүнө чоң үмүттөрдү артып жатабыз», – деди ал.
«Катардын Кыргызстандагы элчилигинин дарегине мурдараак Бишкек шаарындагы балдар онкологиялык ооруканасын куруу долбоору берилген. Аталган долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылышы Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө айныксыз салымын кошот. Андыктан учурда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бул маселеге жеке көңүл бурууда», – деп белгиледи ал.
Ошондой эле тараптар Кыргыз Республикасындагы соода-логистикалык борборлорунун курулушу, Бишкек жана Доха ортосундагы түз авиакаттамды ачуу, банк тармагындагы кызматташтык, базалык долбоорлорду каржылоо үчүн биргелешкен инвестициялык фондду түзүү боюнча сунуштарды талкуулады.