• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

ХАССП системасын киргизүү боюнча долбоорго коммерциялык банктар чакырылат

20140613_142604

👁 1,127

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтому менен “Сапаттын эл аралык стандарттарын, анын ичинде тобокелдиктерди анализдөө жана соңку контролдук түйүндөрдү аныктоо принциптерине негизделген тамак-аш продукциясынын коопсуздугунун менеджменти системасын киргизүү аркылуу өндүрүлгөн продукциянын сапатын жана коопсуздугун жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерин каржылоо” долбоору (ХАССП) бекитилген.

Долбоордун шарттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги коммерциялык банктарга төмөнкүдөй шарттарда бюджеттик насыяны сунуштайт:

- кайтаруу мөөнөтү – насыя алынган күндөн тартып 6 жыл;

- пайыздык коюму – жылына 1 %;

- негизги сумманы тындырууга жеңилдетилген мезгил – 1 жыл;

- негизги сумманы жана пайыздарды тындыруу квартал сайын бирдей төлөмдөр менен жүргүзүлөт;

- айыптык санкциялар – жылына 2%.

Өз кезегинде коммерциялык банктар насыяны ишкердик субъекттерге гана алар тарабынан берилген сапаттын эл аралык стандарттарын, ХАССП принциптерине негизделген тамак-аш продукциясынын коопсуздугунун менеджменти системасын киргизүү боюнча бизнес-пландарга ылайык төмөнкүдөй шарттарда беришет:

- ишкердик субъекттер үчүн насыяны кайтаруу мөөнөтү – 5 жыл, мөөнөтүнөн өтүп кеткен ар бир күн үчүн 0,03 % айыптык санкцияларды чегерүү менен коммерциялык банктын кошумча пайыздык коюму (маржа) жылына 5 (беш) пайыздан ашпоого тийиш;

- күрөөлүк камсыздоо – берилүүчү насыянын суммасынан, анын ичинде насыянын эсебинен алынуучу активдерди эсепке алуу менен, түпкү алуучулар үчүн 120 %дан кем эмес;

- насыянын суммасы 1 млн сомдон кем эмес жана 30 млн сомдон ашпайт;

- долбоордун жалпы суммасынын (зайымчынын өздүк салымын жана коммерциялык банк тарабынан берилүүчү насыялык каражаттарды эсепке алуу менен долбоордо каралган иштерди аткаруу үчүн талап кылынган ресурстардын наркынын өлчөмүнүн) 20 (жыйырма) пайызынан кем эмес өлчөмдө зайымчынын өздүк салымынын сөзсүз түрдө болушу;

- карыздын негизги суммасын төлөө боюнча мөөнөттү кийинкиге жылдыруу – насыя берилген күндөн тартып 1 (бир) жылга чейин;

- төлөөнүн мезгилдүүлүгү – квартал сайын.

Долбоорго катышуу үчүн коммерциялык банктар суралган насыянын жалпы суммасы жана коммерциялык банктын кошумча пайыздык коюмунун (маржа) өлчөмү көрсөтүлгөн өтүнмөнү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 10-мартына чейин берүүгө тийиш.

Өтүнмөлөрдү карап чыгуунун жыйынтыктары боюнча, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен макулдашып коммерциялык банктарды тандоону жүргүзөт. Бирдей шарттарда артыкчылык кошумча пайыздык коюмдун (маржа) төмөнүрөөк өлчөмүн сунуштаган коммерциялык банктарга берилет».

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости