• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Чоң-Алайда эл аралык стандарттарга жооп берген чек ара өткөрүү пункту курулат.

zheleznaya-doroga-zhd4

👁 582

Экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров Ош облусунун Чоң-Алай районуна болгон иш сапары учурунда “Карамык” чек ара пунктунун пайдубалынын курулушунда капсула салуу иш-чарасына катышты.

Экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров белгилегендей, бул долбоор соода кылууга көмөктөшүүгө багытталган жана Борбор Азиялык аймактык экономикалык кызматташтыктын алкагында эл аралык стандарттарга ылайык транспорттук коридордун болушуна багытталган.

“Карамык” өткөрүү пунктун жакшыртуу менен документтерди иштеп чыгууга кеткен убакыт кыскарып, чек ара кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн арттырат.

Долбоордо бардык керектүү болгон блоктор жана модулдар, анын ичинде чарбалык керектөөлөр, үстү жабылган жайдан адамдардын текшерүүдөн өтүүсү, кинологдор блогу, бажы текшерүү өткөрүү пункту, санитардык жана карантиндик текшерүү пункту, ветеринардык текшерүү посту, жалпы кызмат көрсөтүүчү жай, эки өткөрүү пункту ж.б. бар.

Курулган мекемелер кыймыл көбөйгөндө дагы жакшы кызмат көрсөтүүгө жана чек арада текшерүү процесстерин жакшыртууга жардам бермекчи. «Карамык» долбоору эл аралык стандарттарга ылайык болмокчу, анын ичинен өзгөчө ЕАЭБдин талаптарына жооп бермекчи.

Учурда 4 өткөрүү пункту жана 7 ветеринардык өткөрүү пункттар камсыз болгон. Башка өткөрүү пункттарын дагы бюджеттин эсебинен камсыз кылуу үчүн иштер жүрүүдө. Транспорттук-коммуникациялык инфраструктуралар жөн гана приоритеттүү эмес, аймактын жана мамлекеттин өнүгүүсү керектүү нерсе”,-деп белгиледи министрдин орун басары.

«Карамык» өткөрүү пунктун куруу Азия өнүктүрүү банкы тарабынан жана Кыргыз Республикасынын союздаштарынын жардамы менен курулууда.

Эске сала кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасы менен Казакстандын ортосунда техникалык жардам берүү тууралуу Макулдашууга кол коюлган. Ага ылайык, Казакстан бизге 100 млн доллар бермекчи. Бул каражаттар дагы бажы инфраструктурасын жакшыртууга жана лабораторияларды жаңылоого сарпталмакчы. Орусия тарабынан дагы жакшы жардамдар болууда.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости