2018-жылдын январь-апрель айларында республиканын чарбакер субъекттеринен бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк насыялар боюнча зайымдык каражаттарды кайтаруу 1 млрд 29,32 млн сомду түздү, анын ичинде:
- негизги карыз – 706,15 млн сом;
- пайыздар жана айыпттар – 323,18 млн сом.
Бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк насыялар боюнча чарбакер субъекттердин карыздарын кайтаруудан түшүүлөрдүн 2018-жылга божомолу 3 млрд 190,84 млн сомду түзөт, анын ичинде:
- негизги карыз – 2 млрд 159,6 млн сом;
- пайыздар жана айыпттар – 1 млрд 31,24 млн сом.
Эске сала кетсек, божомолдонгон көрсөткүчтөр валюталардын курсуна, калкыма чендердин (ставкалардын) көлөмүнө, инфляциянын деңгээлине түздөн-түз көз каранды жана Карыздык милдеттенмелердин графиктерине ылайык карыздарды кайтаруунун күтүлгөн көлөмдөрүн эске алуу менен аныкталат. Ошону менен бирге, эгерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чарбакер субъекттердин карызынын түзүмүн өзгөртүү (реструктуризациялоо) жөнүндө карызды кайтаруу мөөнөтүн узарткан (пролонгация), пайыздык ченди (ставканы) өзгөртүү, эсептен чыгарып жоюу чечими кабыл алынган, жаңы кыска мөөнөттүү бюджеттик ссудалар берилген же зайымчылар карыздарын мөөнөтүнөн мурда тындырган учурларда, карыздарды кайтаруунун божомолдонгон көрсөткүчтөрү өзгөрүлүшү мүмкүн.