“2017-жылдын 20-июнунда КР Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун Германиянын ДАКС — (DAkkS) аккредитациялоочу органы тарабынан эталондук лабораториялардын аккредитациядан өткөнү тууралуу Аттестатты алуу иш-чарасы учурунда министр Арзыбек Кожошев Германиянын элчиси Петер Рудольф Шольцт, РТВ эксперттери жана семинардын катышуучулары, коноктору менен саламдашты”,- деп билдирет Экономика министрлигинин басма сөз кызматы.
Правительство подарило миллионы бюджетных сомов в распоряжение друга Премьера
Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасы 1998-жылы Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп, БДСУ менен соода жүргүзүүдөгү техникалык тоскоолдуктар тууралуу макулдашууга кошулган. Белгилүү болгондой, бул макулдашуунун негизги максаты – БДСУга мүчө өлкөлөр ортосундагы соода-сатыкта техникалык тоскоолдуктарды азайтуу.
Техникалык жөнгө салуу жана метрология бул макулдашуунун негизи болуп саналат. Кыргыз Республикасы БДСУга кошулгандан тарта документтерди эл аралык талаптарга ылайык жүргүзүп келет. Техникалык жөнгө салуу жана метрология боюнча реформалар жүргүзүлдү. Бул тармактагы нормативдик база дайыма жаңыланып, Метрология боюнча эл аралык уюмдун талаптарына ылайык келтирилүүдө.
Акыркы 5 жылда Кыргыз Республикасы өзүнүн эталондук лабораторияларында эл аралык стандарттарга негизделген калибрлөө жана өлчөө ыкмаларын киргизүү боюнча чоң иш алып барган.
Натыйжада дүйнөлүк абройго ээ Германиянын ДАКС — (DAkkS) аккредитациялоочу органына арыз жөнөтүлгөн.
Бездумный барьер для бизнеса или коррупционная схема?
Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун адистеринин эмгегинин натыйжасында өлкөнүн эталондук лабораториялары абройлуу орган деп табылып, ата мекендик адистер тарабынан жүргүзүлгөн өлчөөлөр өлкөнүн зоболосун көтөрдү.
Кыргызстан эталондук лабораториялары эл аралык аккредитациядан өткөн Борбор Азиядагы жалгыз өлкө. Өлчөөлөрдүн натыйжалары эл аралык талаптарга ылайык келери белгиленип, ал өлкөдөгү бизнестин өнүгүүсүнө шарт түзөт.
2016-жылдын январь айынан тарта Еропалык биримдик комиссиясынын Кыргызстанга ВСП+ схемасын колдонуу статусун берүү тууралуу токтому күчүнө кирген, ага ылайык, 6200 товар түрү бажысыз ташылат. Статистикалык маалыматтарга ылайык, ЕБ өлкөлөрүнө 2016-жылы Кыргызстандан экспорттолгон товарлардын көлөмү 2015-жылга салыштырмалуу 44,3%га жогорулап, 72,3 млн. долларды түзгөн.
Белгилей кетсек, КР Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору өлкөдөгү өлчөөнү эл аралык талаптарга ылайык жүргүзүп, улуттук эталондорду эл аралык деңгээлде таанууга жол ачат.
Министр Панкратов: Из-за ввоза контрафактных товаров бюджет страны теряет до 2 млрд. сомов
Эталондук лабораторияларда салмакты, температураны, басымды өлчөө тармагында оңдоо иштери жүргүзүлгөн.
Лабораториянын адистери калбирлөө системасы, өлчөө тармагы боюнча Түркиядан, Германиядан окуудан өтүп келишкен.
Борбордук Азия боюнча Кыргызстанда алгачкылардан болуп калибрлөө системасы киргизилип, Германиянын ДАКС — (DAkkS) аккредитациялоочу органына арыз жөнөтүлгөн.
Российско-кыргызский Фонд развития приглашает на встречу с австрийскими компаниями
Германиянын Физика-техникалык институтунун (РТВ) жардамы менен учурда лабораторияларды аккредитациядан өткөрүү үчүн бардык этаптардан өтүп, бардык процедуралык маселелер чечилди.
Өлчөөнүн тактыгы эл аралык деңгээлде ишеним жаратат жана экспорттолгон кыргыз товарларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырат.
Бул эң жакшы кабар. Соода, медицина, энергоресурстарды колдонуу, курулуш, азык-түлүк коопсуздугу сыяктуу тармактарга бул жакшы таасирин берип, өлкөнүн экономикалык өсүшүнө көмөкчү болот.