• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Аймактагы сатуу көлөмү 2016-жылы 16,8 млн. сом, долбоор ишке ашкандан берки сатуу көлөмү 54,3 млн. сом.

????????????????????????????????????

👁 606

2017-жылдын май айында “Бир айыл – бир өнүм” (БАБӨ) долбоорунун өкүлдөрү жана Экономика министрлиги Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарындагы активисттер жана бизнесмендер менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

“Жолугушууда БАБӨ долбоорун ишке ашыруу, облустардын чийки зат берүү потенциалы, БАБӨнүн катышуучулары сыяктуу бир катар суроолор талкууга алынды. Жакынкы аралыкта Талас жана Нарын облустарында жолугушуу өткөрүү пландалууда”,- деп билдирди Экономика министрлигинин басма сөз кызматы. .

БАБӨ долбоору – Япония тарабынан демилгеленген жана иштелип чыккан стратегиялык кыймыл. Бул долбоордун уникалдуулугу төмөнкүлөр: максаттуу өнүмдү аныктоо, аны өндүрүү, жергиликтүү ресурстардан гана өндүрүү, таңгактын жана этикетканын дизайнын иштеп чыгуу, сапатына көңүл буруу жана жергиликтүү, дүйнөлүк рынокко алып чыгуу.

Бул системаны колдонуу аймактын экономикалык жактан өнүгүүсүнө алып келе. Долбоордун максаты жергиликтүү ресурстарды пайдалануу менен өнүмдү чыгаруу, калктын кирешесин туруктуу кылуу жана аймактын өнүгүүсүнө салым кошуу.

Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында өнүмдүн белгилүү бир көлөмү менен камсыз кылуу үчүн коллективдүү цехтерди түзүлгөн. Учурда 800 түр өнүм өндүрүлүүдө.

2016-жылы сатуу көлөмү 16,8 млн. сомду түзсө, долбоор ишке ашкандан берки сатуу көлөмү 54,3 млн. сомго жеткен. Долбоорго кол өнөрчүлүк, варенье жана сок чыгаруу, балчылык, сүт азыктарын өндүрүү сыяктуу ар түрдүү өңүм тармагында иштеген 1700 адам тартылган.

Мындан сырткары 2016-жылдын жыйынтыгында JICAнын колдоосу менен Экономика министрлиги тарабынан ишке ашып жаткан БАБӨ долбоору учурда ар кайсы өлкөлөрдө ишке ашырылып жаткан ийгиликтүү долбоорлордун катарына кирген.

Буга байланыштуу долбоордун алкагында Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) техникалык колдоосу менен республиканын аймактарында талааларды изилдөө пландалууда. Бул Ысык-Көл облусундагы БАБӨ долбоорун башка аймактарга дагы жайылтуу үчүн ишке ашырылмакчы.

Долбоордун 3-фазасы 3 жылга бекитилген жана башка аймактарга байланышкан бардык максаттар ишке ашырылмакчы.

Учурда бул долбоордун алкагында Бишкек шаарында БАБӨ борборун ачуу пландалууда. Бул борбор шаарда өндүрүүчүлөр үчүн кеңеш берип, маалымат менен камсыз кылып турмакчы. Ошондой эле өнүмдү иштеп чыгууда, аны сатууда көмөкчү болмокчу.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости