• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

«Ачык асман» саясаты киргизилсе Кыргызстанга инвесторлор келет

4-str

👁 2,120

Ачык асман саясаты – бул эрежелерди жана эл аралык авиаиндустрияны, өзгөчө коммерциялык авиацияны – башкарууну либералдаштырууга багытталган эл аралык концепция.

Бул саясаттын негизги пайдасы: авиабилеттердин баасын төмөндөтүү, авиа билдирүүлөрдү бекемдөө, атаандаштыкты жана авиа кызматтын сапатын жогорулатуу, учактардын санын арттыруу, баардык адамдар үчүн, өзгөчө соода жана туризм секторунда алектенгендердин чыгымдарын азайтуу ж.б.

Кошмо Штаттары ачык асман саясатын 1979-жылдан тартып ишке киргизишкен, бул авиабилеттерге жана дүйнө жүзү боюнча жүк ташууларга болгон баалардын төмөндөшүнө, натыйжада эл аралык жүргүнчүлөрдүн жана жүктөрдүн көбөйүшүнө алып келген.
Кыргызстанда «Ачык асман» саясатын киргизүү демилгеси 2011-жылы көтөрүлгөн. Буга айрым адистер «Ачык асман» саясаты Кыргызстандын кирешесин арбытат десе, кээ бирлери өлкөнүн аба мейкиндигин чет жактык авиаишканалар ээлеп калат деп чочулашат. Ошол эле учурда Кыргызстан бир беткей тартипте ачык асман режимин ишке ашырса, жарандык авиациядан тез убакыттын ичинде пайда көрө аларын экономикалык эксперттер белгилешет.

Туристтик компаниянын президенти Эмиль Уметалиев көп жылдан бери ачык асман режимин ишке киргизүүнү сунуштап келет. Үмөталиев «Ачык асман» саясаты күчүнө кирсе, карапайым эл учурдагы авиакомпаниялардын көзүн карабай, жаңы багыттарга каттамдар ачылып, жүргүнчүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрү кеңейет деп эсептейт.

Эмил Үмөталиев: “Эмне үчүн Манас аэропортун транзиттик центр катары колдонууга болбойт? Кыргызстанда чоң авиакомпаниялар жок, тышкы атаандаштыктан коркпой деле койсо болот, демек, максатка ылайык ачык асман саясатын сунуш кылууга болот. Башка мамлекеттерге учуу үчүн биздин аэропортту колдонууга көбү кызыгышат. Биздин аэропорттон учууга жана аны колдонууга башка мамлекеттердин авиакомпанияларын чакырышыбыз керек, себеби ушундай жол менен гана реалдуу ачыктыкка жетебиз, дүйнөлүк экономика менен биригүүгө жана туристтердин санын көбөйтүүгө мүмкүн болот”, — дейт.

Ачык асман саясатынын бизге пайдасы – жүргүнчүлөр жана жүктөрүбүз кыска убакытта ар тарапка арзан баада жетип барып же ал жактан тез алып келгенге жакшыраак шарт түзүлөт эле. Биз кичине өлкө болгондуктан жана авиакомпаниялар жетишсиздигинен кээде Жапонияга Москва аркылуу барып келүүгө аргасызбыз. Тез жана арзан жете албай Жерди айланып эле жүрөбүз. Кыскасы, ошондой жакшы мүмкүнчүлүктөргө жол ачылмак. Жогорку Кенештин депутаты, эл аралык мамлелер жана коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев ачык асман саясаты менен Кыргызстан аркылуу Европанын өлкөлөрүнө учса болоорун белгилейт.

Абдывахап Нурбаев: “Эң биринчиси Кыргызстан аркылуу Европа жана башка чоң-чоң мамлекеттерге учууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ири авиакомпаниялар өлкөгө кирип биз аркылуу каттоого жол ачылат. Экинчиден авиабилеттерге болгон баа арзандайт. Азыр карасаңар Бишкек-Ош каттамынын баасы Бишкек-Москваныкы менен тең болуп калууда. Бул атаандаштыктын жоктугунун себеби. Бир-эки монополист компания кирип алган”, — деди ал.

Эгер Ачык асман кирип кала турган болсо өлкөдөгү аэропорттор харандык хаб боло алат. Көп компаниялар келет, логистикалык борбор ачылат, туризм өнүгөт. Демек Ачык асмандын арты менен беш-алты тармакка инвестиция келиши мүмкүндүгүн экономикалык эксперт Искендер Шаршеев айтат. Анын айтуусунда, ачык асман саясатын киргизе берсек дүйнөдөгү чоң-чоң авиакомпаниялар Кыргызстанга келмек. Анткени атаандаштык болсо баа түшүп, сапат дагы жогорулайт. Буга төмөнкү мисалдар далил экенин билдирди.

Искендер Шаршеев: “Ачык асман” дүйнө жүзүндөгү мамлекеттерде ар кандай түрлөрүндө ийгиликтүү тажрыйбаланат, ошонун ичинде АКШда, Гонконгдо, Түштүк Кореяда, Сингапурда, Грузияда, жана ошондой эле Европа Союзунун өлкөлөрүндө. Бир гана мисал: Сеул аэропорту (Түштүк Корея) ачык асман режимин ишке киргизип, транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн негизинде, он жылдын ичинде жол жүрүүчүлөрдүн санын эки эсеге көтөрө алган – 18 млн.дон 36млн.го чейин, ал эми транзиттик жол жүрүүчүлөрдүн саны – 5млн.дон 28 млн.го жеткен”.

Маалыматтарга караганда өлкөдө 17 авиакомпания катталган. Учурда Кыргызстанга 14 чет өлкөлүк авиакомпания каттайт. Жалпысынан, бардык аэропорттордон жумасына 344 каттам аткарылат. Кыргызстан 27 өлкө менен түз аба каттамдары тууралуу келишимдерге кол койгон.

Бул саясатты ишке ашыруу үчүн каражат талап кылынбайт, тескерисинче чыгымдарды кыскартат. Өнүккөн өлкөлөргө визаны алып таштоо менен бирге, ачык асман саясаты туристтердин жана жүргүнчүлөрдүн келүү агымын жогорулатат, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жаңы импульс берет дешет адистер.

Эске сала кетсек, 2018-жылдын 2-апрелинде бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча Жогорку Кеӊештин кезектеги отуруму өткөн. Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасындагы “Ачык асман” саясатын ишке ашыруудагы тиешелүү чаралар боюнча “ЖИА” бизнес ассоциациясынын төрагасы Темирбек Ажыкулов баяндама жасап, учурда чет өлкөлөргө Кыргыз мамлекетиндеги авиакомпаниялардын учуу багыттары чектелип эл аралык аэропорттордун ортосундагы атаандаштык күрөштө биздин аэропорттор утулуп жаткандыгын билдирген. Анын кесепетинен бир топ каражаттар чет өлкөгө чыгып кетип жатат. Ошону менен катар кардарларга кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы түрлөрүн сунуштоо начар өнүгүүдө.
Депутат Исхак Пирматов бул саясаттын ишке ашырылышы туризмге оң таасир берерин белгилеп, бирок сөздөн башка аракет жок болуп жатканын сынга алган. Ал эми Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев “Ачык асман” саясаты боюнча тиешелүү мыйзам долбоору иштелип бүтүп калгандыгын кабарлады. Жыйынтыгында эксперттик топ түзүлүп, аба аркылуу жүк ташуу ишмердүүлүгүн жөнгө салган мыйзамдарга анализ жүргүзүлүп, “Ачык асман” саясатын ишке ашыруунун зарылдыгына жүйөлүү негиздемелерди даярдамай болгон. Анын негизинде тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыгып, өкмөткө сунуштоо чечими кабыл алынган.

Илгиз ЖАМАЛБЕКОВ

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости