• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Жылдыз САТТАРОВА: Биздин өлкөдө каражат жок

30124552_10160172795680057_3215986054280511488_o

👁 2,788

Жылдыз САТТАРОВА чет өлкөдө окуу тармагы боюнча кызмат көрсөтүп иштейт. Бир нече жылдардан бери ал чет жакка жүздөн ашуун адамдарды жиберген. Бүгүн ал биздин редакциянын коногу.

Статистикага ылайык, дүйнө боюнча 5885 студент билим алууда.

–Айтсаңыз качантан бери бул бизнес менен алек болуп келесиз? 

–Бул мурун болгон эле…

Бизнес менен эч качан алектенген эмесмин. Болгону «Дедлайн» деп аталган компанияда жана студенттердин лидерлик жана ишкерлик сапаттарын өнүктүрүүчү Эл аралык жаштар уюмунда иштегем. Бейөкмөт уюмдун долбоорунун алкагында иштедим. Андан соң өз ишимди баштагым келди. Бир нече жыл коммерциялык эмес уюмдарда иштеп өз ишим болушун каалап турдум, бирок эмне иш кыларымды билбей бир топко баш катырдым. Себеби бизде кафе, ресторан, дүкөн, сулуулук салондорунда кызмат сунуштагандар көп болчу. Мунун баары мага эски нерседей туюлду.

–Бул ишти кантип баштап калдыңыз?

−1−2 жыл баарын ойлонуштуруп жүрдүм, ишкерлик боюнча ар кандай курстарга бардым, бул тармакты изилдеп жүрдүм. Ошентип жүрүп кокустан эле Кытайга туш болдум, жергиликтүү компанияда иштеп баштадым, тажрыйба топтодум жана эмне иш баштарымды түшүндүм. Кытайда иш баштоо оор, анткени чет элдиктер үчүн бир топ кыйынчылыктар бар. Ошентип ишимди үйүмдөн баштоону чечтим. Апам менен көпкө ойлонуп, сүйлөшүп жүрдүк. Азыр биз апам менен бирге иштейбиз, ал директор, мен орун басары.

–Өз ишиңди баштоо үчүн канча каражат керек? 

– Кандай бизнес экенине көз каранды.

Биз бул ишти эч кандай каражатыбыз жок эле баштаганбыз. Көп иштерди өз алдыбызча жасачубуз, мисалы сайтты жасоо. Өзүбүздүн булактарыбыз, чогулткан акчаларыбыз бар болчу, себеби кеңсени ижарага алуу, жабдууларды сатып алуу зарыл эле. Анан албетте үй-бүлөлүк чыгымдар да бар дегендей. Ошондуктан мынча каражат керек деп айтуу кыйын. Нөлдөн баштасаң болот. Убакыттын өтүшү менен баары жолго түшөт.

–Кыргызстанда аял кишиге бизнес баштоо кыйын эмеспи?

–Кыйын…

–Кандай кыйынчылыктар болду?

–Сени элдер олуттуу кабыл албаганында, себеби эртең сен күйөөгө чыгып, бул ишти таштап кетесиң деп ойлошот.

–Канча жылдан бери иштеп келесиз?

–Үч жыл болду. Өнүгүүнү каалап жатам.

–Бул пайдалуубу?

–Маяна алып жатабыз, кеңсебиз үчүн акча төлөп жатабыз, башкача айтканда өзүбүздү толугу менен камсыз кылуудабыз.

–Салыктар кандай болууда?

–Баарын төлөйбүз, буга олуттуу карайбыз. Ал мурда мамлекеттик кызматта иштечү жана отчеттун баарын өзү берип турат.

–Аялдар үчүн ишкерлик эмне?

–Бул өзүн табууга мүмкүнчүлүк. Кимдир бирөө баарын нөлдөн баштайт, индустрияны толугу менен билип калат, кимдир бирөө багытты тандап ага башы менен кирип кетет дегендей.

–Кандай ойлойсуз аймактарда иш баштаган оңойбу же шаардабы?

–Бул кандай бизнес баштаганыңдан көз каранды болсо керек. Шаарда айыл-чарбасы менен алектенүү татаал. Ал эми аймактарда айыл-чарба өнүгүүдө, мисалы күнөсканалар.

Жакында эле Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) менен иштештим, алар айыл-чарбасын, тагыраагы айылдагы аялдардын ишмердүүлүгүн колдоп келишет экен. Аялдарды көрүп абдан кубандым. Мурда алар өз күчтөрү менен бир нерсеге жетүүгө аракет кылып келишсе, эми аларга жол көрсөтүлүп жатыптыр, ташуучуларды табуу, азыктардын коопсуздугу тууралуу сертификациядан өтүү ж.б. КМШ рынокторуна жана башка өлкөлөргө дагы чыгууга жардам беришүүдө. Жада калса Европага өнүмүн ташыган ишкер айымдар да бар экен.

–Кыргызстандагы ишкер аялдардын көбү кызмат көрсөтүү тармагында иштешет го…

- Fashion-индустрияда ишкер айымдар көп экен, мисалы, тигүүчү фабрикалары бар аялдар. Негизинен баары экспортко кетет. Бирок биз алар тууралуу билбейбиз, болгону ТВ аркылуу көргөндөрдү жана гезиттен окугандарды гана билебиз.

–Келиңиз эми чет жакка окууга жиберүү тууралуу сүйлөшөлү…Сиздин оюңузча бул тармак канчалык өзүн актайт? Канча кыргызстандыкты чет жакка окууга жибердиңиз? Алар кайра келишеби, алардын пландары кандай?

–Бул иш мага биринчиден жагат, анан албетте киреше түшпөсө бул иш менен алек болмок эмесмин.

3 жылда жүздөн ашуун адам окууга кетти. Бизде ар кандай программалар бар. Окуусун бүтүп кайра келгендери бар, көп убакытка кеткендери да бар.

Көпчүлүгү мекенине келүүнү пландашат, айрымдары ал жактарда иштеп калышат. Себеби бизде жумушсуздук күч алып турбайбы, ошондуктан ишке орношуу мүмкүнчүлүгү аз. Ата-энелери болсо балдары бул жакка келип иштешин каалашат. Алар өлкөнүн экономикасы өскүчө бир аз күтүү керектигин түшүнүшөт.

–Чет жактан билим алган адистерсиз экономика кантип өсөт?

–Айрымдары келип жатпайбы, кээ бирлери келбесе алардын жеке иши.

Мисалы, мен буга эч кандай таасир бере албайм. Баарынын өз себептери бар жана биз аларга карата программаларды тандоого аракет кылабыз. Агым бар жана кадимки миграция бар. Көп жыл өтсө дагы адамдар кайтып келишүүдө, себеби жакындары жана туугандары бул жакта.

–Чет жактан билим алууга кеткендер кадимки көрүнүштөй болуп калды, сиз Кыргызстанда чет элдик адистерди чакырып окутуу процессин уюштуруп көрүүнү ойлогон жок белеңиз?

–Мындай идеялар бар, бирок мындай мектептер азыр бар. Негизгиси бизде рынок кичинекей, ошондуктан адистерди чакырган соң жакшы маяна төлөшүң керек. Ал эми окууну каалагандар аз болуп калышы мүмкүн. Бизде мындай мүмкүнчүлүк жок.

–КМШнын баардык өлкөлөрүндө жаштар чет жактан окууну каалашат. Адистерди бул жакка чакыруу менен ХАб түзсө болот беле? Алгач борбор азиядагы өлкөлөргө, андан соң башка мамлекеттерге? 

–Бул иш менен университеттер алек болушууда. Мисалы, Борбордук Азиядагы Америка университети. Алар чет жактан адистерди чакырышкан. Нарында, Токмокто да эл аралык университеттер бар.

–Бирок бул уюмдар биздин мамлекет тарабынан түзүлгөн эмес да?

–Ооба. Себеби бизде каражат жок.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости