• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Жылдыз Осмоналиева. Москва, саткындар, улутчулдар, жана чет жердеги биздин жашообуз жөнүндө

dsc_5790

👁 1,666

Белгилүү ырчы, бизнес-вумен, Москвада өзүнүн бизнесин өркүндөтүп аткан Жылдыз Осмоналиева “Экономикада” конокто болуп, кызыктуу маек куруп берди.

- Адегенде баарын башынан айтсаңыз, сиз Москвага качан кеттиңиз эле, ал жактан эмне менен алектенейин дедиңиз эле, азыр эмне иш кыласыз? 

- Москвага барганда албетте, башкача пландар болгон, бирок өзүм сөзсүз дагы бир жолу жогорку билим алам деген максатты койгом, анткени бул жактан алган билимим мага жетишсиз болгон эле. Биринчи алган билимимди мен сырттан окуп бүтүргөм, ошол кезде кырдаал ошондой эле, окуп, иштеп жаткам.

Бирок мен өзүмдү бул атмосферада аягына чейин окубаган адам катары сезе берчүмүн. Москвага мен бизнес өнөктөшүм менен барып, кыргыздын тигүү өндүрүшүн 2006-жылы биргеликте ийгиликтүү ачтык.

Биз бул ишти жетишээрлик деңгээлде иштеттик деп эсептейм, себеби, эл аралык көргөзмөлөргө катыштык, биздин өндүрүштү тааныштырдык, алар азыр да өтө ыкчам өнүгүүдө. Россияда да бул өтө керектүү, бир нече өндүрүшчүлөр бар мен аларды эстей албай атам. Бирок ошол кезде Alexsandra модасы, дагы бир анын өкүлүнүн кечки жана балга кийчү көйнөк тиккенин билем, алар азыр да керектөөдө жана атайын кийимдерди тигишет.

Атайын жумушчулар жана аскерлер үчүн кийимдер тигишет. Биз Москва шаарындагы Тульская көчөсүндө ачылганбыз, кеңсебиз бар, убагында кыргыздын өндүрүш маркасын көрсөттүк. Абдан жакшы өнүктүк. Биздин өнөктөштөрүбүздүн бири, башкы инвесторубуз ыраматылык Мухтар Өмүракунов 2007-жылы Россияда биринчи жолу кризис башталганда ал уюштуруучулуктан чыгып, саясатка кеткен.

Андан кийин биз өзүбүз иштей баштадык, ошол кезде Россия боюнча кичи ишканалар жоюла баштаган, алар акырындап жабылып, эрте эле алып койгон буйрутмалар менен да эсептешпей калышкан, а биз Кыргызстандагы өндүрүүчүлөргө акчасын төлөп койгонбуз.

Албетте, бизге абдан оор болду, акыры жабылууга туура келди.

Ошол кездеги сайт бир топко чейин иштегендиктен биз кичинеден иштеп жаттык, ошол учурда мен дипломатикалык академиянын кечки бөлүмүнө тапшырдым. Өзүмдү камсыз кылуу үчүн эки уулум менен ал иштен кетип калдым, себеби Москвада квартирага чыгуу үчүн ошол кезде 1000 доллар болчу.

Адегенде Кыргызстандын элчилигинде бизнес ачып, ал жерде эки жыл кафе иштеттим, андан кийин ошол мамлекеттик структурадан кеттим. Андан кийин Павелечкий вокзалынын жанынан өзүм кафе ачып, кыргыздын улуттук ашканасын иштеттим андан бери алты жыл өттү. Бизди билип калышты, баары жакшы көрүшөт, көптөр келип тамактанып турушат.

- А бир күндө канча кишини тейлейсиздер?

- Бул нерсени алдын алып айтууга мүмкүн эмес. Орточо эсеп менен 50 киши болот. Бизне бизнес ланч кыргызча. “Пионерский” деген ат бар го, мурда пионер лагеринде компот рассольник, тефтели перловка менен, борщ кычкыл капуста менен тим эле эскини эске салат эмеспи. Мына биз так ошондой менюну иштеп чыктык. Ал эми экинчисине кыргыздын беш бармагы, шорпосу, самсысы, гулчетайы жана кичине кытайдын ашканасын коштук, атүгүл дапанжи да даярдайбыз.

–А москвалыктар кандай баа беришти?

–Биз ачылган биринчи күнү эле келишип, кыргыз ашканасы кандай деп сурап жатышты.
Албетте, мен өзүм тейлеп, аларга баарын өзүм айтып түшүндүрүп жаттым, ошол биринчи күндөн тартып эле дайыма келчү кардарларды таап алдык. Алар бизден түштөнүп алышып, кечинде да келишти. Андан кийин биз тууралуу биздин мекендештер да билип калышты, чындыгында Москвада кыргыздандын ашканасы жетишээрлик көп, ал жакка мигранттар келишип иштеп капитал топтоп алышат да.

Эгер бул иш аларга жакса, эмне үчүн болбосун. Кээ бирөө плов гана жасашат, Москвада Каракол ашлян-фусу да бар.

Сиз отуруп алып Каракол ашлян-фусун буйрутма кылсаңыз Москванын кайсыл гана жери болбосун жеткирип беришет. Кыргыздар ушундай чоң мегаполисте кантип көнүп кеткенин элестетсеңиз.
Мен интернеттен Новосибирскиде кыргыздар Ноорузду кантип тосконун көрдүм, алар чоң дасторкон даярдашыптыр. Узун коридордо боорсок жасап, тандыр нандарын жана башкаларды коюп, сүмөлөк даярдашыптыр. Азыр Москвада эмне кааласаңыз баары бар. Мисалы, даяр лагман, боорсок, казы, карта, сүзмө, курут, бозо жана башкалар, аларды буйрутма кылсаңыз дароо жеткирип беришет.

Мекендештерибиздин birge.ru, сайты да абдан жакшы өнүгүп жатат, ал жерде биздин ишкерлердин мигранттардын өнүгүүсу туурасында жазылган, айтор бул маалыматтык борбор десе болот.

Жаңы келген киши эмнеден баштайт, каякта каттоо болот, каякта жашаса болот, мигранттардын көпчүлүгү аны тосуп алышат, жумушка орнотушаарын билишет. Анткени ал бул чоң шаарды билбей келет албетте мыйзамдашып, катталып ишке орношуу. Адегенде иштеп көрөт жакса ошол жерде калат, жакпаса башка иш издейт.

–А биздин мигранттар кандай жашашат?

- Ар кандай. Бири кетсе, экинчиси келет, кээ бирөө келишет да сулуулук салонун ачышат, үй салышат. Москвада бизнес класстагы коттедж шаарчасын кургандар да бар, мени ошол кубандырат.

Коттеджерди 300 чарчы метрден кургандар бар. Ал жакта биздин кыргызстандыктар гана жашашат. Элестетип көргүлө, 20 үйдүн курулганы кандай жакшы.

Алар бир нече га жер сатып алышып, план иштеп чыгышат, курулушка уруксаат алышат, болгондо да Москванын алдында, Люксембург шаарында бул МКАДдан анча алыс эмес, өзүнчө эле шаарчалар ал жакта кыргыздын бала бакчалары да бар.

- Бул биздин мекендештерби же эчак эле ал жакка барып, калып калгандарбы?

–Булар биздин мекендештер, бирок көпчүлүгү жарандыгын алмаштырып алгандар. Анткени бизнес баштоо үчүн ал жактын жараны болбосо кыйын болуп калат. Ал жакта баары бар. Кээ бирөөнө чындыгында кыйын, атүгүл криминалдар, “көпөлөктөр” да бар.

–Биздин мекендештерденби?

- Ооба, баардыгынын орду бар.

- Алар менен беттешкен учурлар болду беле?

- Ооба.

- А кандай болду эле?

- Андай учурда Россиянын ИИМинде биздин эң мыкты өкүлүбүз милициянын полковниги Аскат Алиев бар, биз ага дароо эле кайрылабыз. Ал биздин ИИМдин Россиядагы өкүлү болуп саналат. Анын биздин элчиликте өзүнүн иш бөлмөсү бар, эгер улуттук кыртыштан кандайдыр бир кырдаал же конфликт болуп калса ага кайрылабыз.

Ушундай бир окуя болгон, Кыргызстандагы Абдыраев атындагы музыкалык окуу жайын аяктаган Алтынай деген таланттуу жакшы кыз бар, ал жергиликтүү москвалык жигитке турмушка чыккан. Бала төрөдү, абдан сонун үй бүлө күттү, Химкиде квартирасы бар. Бир күнү ал кызды бирөөлөр коркутуп “сен орус менен жүрөсүң” деп коркутушуптур.

Ушундай конфликттер болуп калат. Ал мага көнүлү чөгүп телефон чалыптыр, мен ага милицияга арыз жаз деп айттым.

Анткени ар кандай болуп кетиши мүмкүн, себеби өздөрүн патриот сезгендердин калдыктары дале бар. Бирок ошол патриоттор деле кээде туура кылышат, алар бузулуп бараткан кыздарды ордуларына коюшат, чындыгында биздин кыздардын жосунсуз жүрүм турумун көрүп уяласын.
Бирок буга ким күнөөлүү,ата-энелери балдарына туура тарбия бере алышкан жок, алардын көпчүлүгү Россияда, Туркияда мигрант болуп иштегени кетишти, а балдарын туугандарына, чоң ата, чоң апаларына калтырышты, интернатта деле баардыгы ойдогудай эмес да. Алар Бишкекти да көрбөй эле дароо Москвага келишет. Мындай кыздарга баары жеңил жана жөнөкөй көрүнөт, клубга барып акчасы бар жигиттер же чон кишилер менен таанышат, алардын аялы барбы жокпу карашпайт.

Алар ойлогондой жашоо боло берет.

Ушул сыяктуу башка улуттагылар деле бар. Албетте булардын бардыгы биздин социалдык көйгөйлөр болуп саналат. Мындай проблемалар биздин эле кыргызстандыктарга эле тиешелүү эмес, бул да бизди сооротот.

- Кыргызстанда белгилүү, сүйүктүү ырчысыз, анан капысынан эле чыгармачылыктан башка жакка өтүп кеткениз кандай?

- Мага кандайдыр бир өсүү керек болчу, Москва чындыгында өсүүгө көп мүмкүнчүлүктөрдү берет. Бул башкача мамиле, башка китеп, башка фильм, таптакыр башкача сүйлөшүүлөр. Эгер сиз да ал жакка барсаныз эки жылда жетишерлик өзгөрөсүз.

Мисалы, менин бир курбу кызым Кыргызстандан Москвага барып мамлекеттик кызматта иштеген, мен ага айтсам ал ишенген эмес. Кийин Москвада үч жыл иштегенден кийин мага айтып жатпайбы, “ билесиңби, мен кандай болсо да ошол жакка кайра баргым келет” деп.

Ал жакта таптакыр башкача баалуулуктар.

Албетте, бул жак мекениң, өзүңдүн абаң, өзүңдүн дубалың, сууң, ал жакта жумуш. Менин оюмча баарыбир Кыргызстан эң сонун, бизде жакшы адаттар бар.

Биз чындыгында ар кандай көңүл ачууларга, тойлорго барып эт жегенге, 300–500 кишилик үйлөнүү үлпөтүнө көп көңүл бурабыз, а булардын кереги жок.

Менин уулдарым да ушуну көп айтышат, биз ата-энелерибизге азыртадан эле эскертип жатабыз, үйлөнүү үлпөткө 50дөн ашык киши болбойт, алар биздин эн жакын туугандарыбыз гана болушу керек деп. Антпесе мен ким мага келип конверт же белек берет дегим келбейт. Биз жөнөкөй гана тойду өткөрөбүз деп чечтик. Бул жөн гана убакытты өткөрүү жана каражатты, энергияны жоготуу деп эсептейм.

- Сизге таптакыр башка мамлекетте өсүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү дейли, ага даярсызбы?

- Ага даяр эмесмин го. Анткени балким бул башкача угулаар, адегенде Москвадан мен эч жакка кетпегендей эле сезгем өзүмдү. Мисалы, Советтер Союзун эстесеңиз, ал кезде СССР деген бирдиктүү паспорт болгон, сени эч ким кыспайт, ошондой эле кыргыздарды да.

Ал жак тууралуу жазып жатышат, бирок мен ойлойм адам айланасындагы дүйнөнү кандай көрсө ошого жараша болот. Мен болсо башка өлкөдө, башка аймакта жүргөндөй сезбейм өзүмдү, балким биз Советтик билимди алганыбыз үчүндүр.

Классикалык театрга барсам ал жакта мага баардыгы эн сонун. Ошол эле учурда мен кыргызстандыктар менен иштейм, алар дайыма жанымда, мен алыс жактамын деп эсептебейм, самолетто төрт саат учканда гана билем. Балким кээде поездге отурганда же машинада жүргөндө сезилиши ыктымал.

- Москвага барганда канча акча менен баштадың эле, себеби көпчүлүк Москвага же Америкага кыялдары менен барышат эмпеспи. Бул кыялдын алгачкы старттык баасы канча болгон?
- Ошол кезде менде болгону 10 миң доллар гана бар болчу, мен машинамды сатып ошол акча менен кеткем.
Чындыгында үч айдан кийин эле ал акча жок болуп калган, бирок мен ошол кезде абдан көп иштедим. Мен чыгармачылыкта да көп эмгектендим, ошол кезде мага Казакстанга Бишкекке көп чакыруулар болгон. Ушулардын бардыгына жакшы төлөнгөн. Адегенде менин балдарым Москвадан кетип калышкан, себеби ал жакта скинхеддердин таасири күч эле, мен аларды эч жакка чыгарчу эмесмин, алар бокска, сууга сүзүүгө баргылары келишчү. А мен алардын сыртынан бекитип жумушка кетчүмүн.

Алар кийинчерээк үйгө кетели деп суранышты: “Мама, биз үйдө кулпуланып отура албайбыз, бизге досторубуз керек, спортко машыгышыбыз керек” дешти. Мен аларды Бишкекке алып келдим, ошондуктан мен Казакстан же Бишкекке чакыруулар болсо таптакыр баш тартчу эмесмин. Эгер мени Алматыга чакырышса мен андан ары такси менен Бишкекке балдарыма келчүмүн. Ошентип 4–5 жыл активдүү иштедим, эч кандай планды курбай же жаңы долбоор ачпай эле.

Ар дайым бир нерселерди уюштурчумун, жаңы долбоорлорго чакыруулар көп болду. Кийин балдарым окууга тапшыргандан кийин бул жакка ата энеме гана келе баштадым. Азыр кайрадан тез-тез келе баштадым. Балким жакында кайтып келем, себеби балдарым окууларын аяктап, 5-курс болуп дипломдук иштерин жазып жатышат. Андан тышкары жаңы чыгармачылык долбоорду жасашым керек.

–Бул жактабы?

- Ооба, мурда болуп көрбөгөндөй долбоор. Биз аны даярдайбыз.

- Балдарыңыз мененби?

- Жок, өзүмдүн мугалимдерим менен, алар менен алыста жүрсөм да ажырагыспыз.

- Сиздин балдарыңыз кайсыл жол менен кетишти? Кандай кесипти тандашты?

–Кичүү уулум ФСБ Академиясын аяктап жатат, ал улуттук коопсуздук комитетинде иштейт деп үмүттөнөм. Ал эми улуу балам экономика жана менеджмент боюнча аяктап жатат. Бирок мен анын экономика жаатына барарына ишенбейм, анткени ал спортко, футболго кызыгат. Ал дагы бир жогорку билим алгысы келип жатат.

Биз азыр ал үчүн кандай кызыктуу нерселер бар экенин карап жатабыз. Ал спорттук комментатор болууну каалайт. Андан тышкары мен ага эффективдүү ЖОЖдорду тандоого жардам берейин деп жатам. Рынокто көп нерсе бар, ошол эле жарнамалар, белгилүү футболисттердин, жылдыздардын, машыктыруучулардын сүрөттөрү турат.Ушулардын баарын текшерип, алардын учредителдери ким экенин билип, алар тууралуу ар кандай маалыматтарды алып анан ошол тарапка багыт алыш керек.

- Москвада биздин мекендеш ишкерлердин арасында эркектер басымдуулук кылабы же аялдарбы? 

- Тилекке каршы алдар көп. Биздин аялдарыбыз күчтүү.

Биздин аялдар адегенде Москвага ашпозчу, үй кызматкери болуп барышат, ошол баргандардын арасында илимдин кандидаттары да бар. Мисалы менин кафемдеги шеф-ашпозчу экономика билими менен иштеди, дагы бирөө орус тил жана адабияты мугалими.

Алар ошол билими менен бул жерде деле иштесе болот беле? Бирок алардын маянасы жети-сегиз миң сом.

Албетте, менин ашпозчум тамакты мыкты жасачу, ал кесибин кайрадан алмаштырып, башка кесипте иштеди. Россиядагы Шевченко деген журналист бар, ал улуттар арасындагы араздашууда дайыма мигранттардын таламын талашат.

Соловьевдун телекөрсөтүүсүндө ал: “Силер эмнеге Борбордук Азиядан келгендерди жаман көрөсүңөр, Тажикстандан келген мигранттар көчөңөрдү шыпырып тазалап жатышат, Кыргызстандан келген илимдин кандидаты же башкасы деле орусчаны жана биздин маданиятыбызды биздин балдарыбыздан да мыкты билишет” деп айткан. Чындыгында анын айткандары туура. Алар беш жыл ошол жерде иштеп бардыгына көнүшөт.

Мисалы, бул жерден бир нерсе сатып алышат, аны оңдоп балдарын бутуна тургузушат да ишкерликти башташат. Алар сулуулук салонун, ресторан, клининг компаниясын ачышат. Менин Чынара Юсупова деген таанышымдын клининг компаниясы бар, ал жерде Chanel, Givenchy менен кызмат көрсөтүшөт, алар келишимдин негизинде бир топ жылдан бери иштеп жатышат, биздин кыздар атайын форма кийип келишип, бардыгын жыйнап кетишет, ал эми маянаны саатына алышат.

- Качандыр бир кезде миграция токтойт деп ойлойсузбу? Биздин мекендештер ушул жерден эле өнүгө алышабы? Бишкекке башка жактан мигранттар келип, ушул жерден акча тапса болот деген учур болобу бизде?

- Акыркы он жылда биздин шаар, биздин борбор кандай өнүгүп жатканы сезилип атат, ресторандарда, салондордо, мейманкана,отелдердеги кызмат көрсөтүүсү да жогорку деңгээлге жетип калды. Биздикилер башка чет жакка барып иштеп, акча таап кайтып келишип бул жакка бир нерсе куруп жатышат. Мындан эч кандай жаман болгон жок.

- А бизге башка жактан мигранттар келишеби?

- А эмне үчүн келишпейт?! Менимче биз акыры ошого да жетебиз. Азырынча бизде ички миграция гана болуп жатат, ар кайсы аймактардан, айылдардан, тоодон келип жатышат. Мисалы мен бир казактын жазганын жакында эле окудум, ал кыргызстандыктар азамат деп айтыптыр. Дүйнөлүк кризисте да кыргыздар жакшы иштеп жатышат, ырдап бийлеп, эс алып тойлорду өткөрүп жатышат, биз мамлекеттик бюджетке көз каранды эмеспиз.

Кыргызстандыктар абдан эмгекчил жана таланттуу эл, элимдин ушунусу менен сыймыктанам. Кандай кырдаал болсо да ошого жараша тез эле көнүп кетишет.

Сахалин, Ырааккы Чыгыш, Чукотка, Якутия сыяктуу абдан суук жерде да иштешип, ал жактын жарандыгын алып, квартира сатып алышып, бизнестерин жасап жатканы абдан жакшы. Андан тышкары алар балдарынын билимине көңүл буруп, ошого жумшашат, Ата-мекенин да ар дайым ойлошот.

Канчалык Ата-мекениңден алыстаган сайын ошончолук мекениң тууралуу көп ойлонот экенсиң, ал үчүн бир жакшы нерсе жасагың келет экен.Мисалы, “Город 312” тобу, мен ал топтогу бардык ырчыларды айтпайм, бирок Света Назаренконун өз өлкөсү үчүн дайыма бир жакшы нерсени жасагысы келээрин билем. Кандай болсо да өз өлкөң үчүн бир нерсе жасап, жакшы бир нерсе тартуулап, кийин ошону менен сыймыктангың келет.

–Сиз Света менен мурдатан бери эле курбусуз, ал дагы кандайдыр бир бизнес жасасамбы деп пландабайбы?

- Көбүнчө ал коомдук маданий иш чаралар менен алектенип жүрөт.Азыр анын иштери абдан көп, Кудай жардам берсин ал дайыма ар кандай келишимдер менен иштейт, бул топтун чыгармачылыгы элге жагат, дайыма гастролдоп жүрүшөт. Бул мени кубандырат.

- Дагы бир жогоруда айтылган суроо Кыргызстанга билим алып, иштөө үчүн чет жактан келгендер болобу. Кыргызстанда абдан көп окуу жайлар бар, балким дүйнөдөгү башка педагогдорду чакырып, ушундай бир мамлекет болсо кандай болот.

- Булардын баарын жалпы билим берүү мектептеринен баштоо керек деп ойлойм. Мисалы, Россияда орус тил мугалими орто эсеп менен 27–28 миң рубль маяна алат. Бул акча алар үчүн абдан аз,мындай акчага эч ким иштегиси келбейт.

Эгер ошол эле мугалимдер бизге Ошко келип, мектепте иштеп 27–28 миң рубль алса, биздикилер ага үй жайын камсыз кылса бул жакта жаңы, таза мөмө жемиштер бар, алардын неберелери экологиялык жактан таза зонада жашаганга алар макул болушмак.

Эмне үчүн мен орус тили деп айтып жатам, тилекке каршы айылдан орусча билбей келишет да алар башка жакка эч нерсе билбей кетип жатышат. Союздун тараганы менен эле көпчүлүк эл аралык уюмдар Россияга каршы тукуруп жатышат. Мейли, биздин балдар анлис, түрк, корей жана башка тилдерди билсин, бул биздин өлкө үчүн жакшы. Бул жалпы өнүгүүбүзгө жардамын тийгизет. Бизде азыр кыргызча которулган китептер тилекке каршы жок. Азыр аларды которо да албай жатабыз.

–Кечээ жакында эле биздин парламенттеги депутаттар латын тамгасына өтүү сунушун киргизишти.

- Ушунун баарына канча убакыт кетээрин элестетсеңиз, бардыгын кайра үйрөтүп чыгуу керек да.

- Аялдардын ишкерлиги тууралуу суроого кайра кайрылгым келип турат, негизи ишти кайсыл жактан баштаган жакшы? Бул жактанбы же башка өлкөдөнбү?

- Жеке менин оюмча ишкерликти башка жактан баштаган оң. Анткени бул жактан тилекке каршы менде абдан ачуу тажрыйба болгон.

- Айтып бере аласызбы?

–Бул жагымсыз окуя. Мен ошондо гана түшүндүм, эгер аял жалгыз бой болсо, аны жөн жерден эле таарынтып, анын бизнесин тартып алса болоорун билдим. Мен бул теманы айткым да келбейт чынында. Алардын баарын кечиргем, ал эми тигил жакта баарыбир мыйзам иштейт, соттор майда бизнестерге кол салышпайт, а бул жакта эч нерсени тандабай баарына көз артышат, жийиркенишпейт дагы. Бул жактан ушундай көңүл калуулар болгон, ошондуктан чет жакка кеткенге туура келген.

- Кыргызстандагы ишкерлик тууралуу темага кайра кайрылсак, бизде анын келечеги барбы? Канчалык деңгээлде мүмкүн? Азыр биздин өлкөдө күнөскана иштетип, бир нерселерди жасап жатышат. Балким өскөнгө учуп келгендир?

- Өскөнгө мезгил жеткени жакшы, бирок башка жактан келгендер биздин өлкөдө салык төлөшөт. Албетте, эгер бардыгы мыйзамдуу жана калыс болсо жакшы болмок. Салыкты жашырганга мүмкүнчүлүгү барларды көп көрөм, анткени мени көп жакка чакырышат, конокто болом, кээ бир жерге эс алганы барам, анан ошол жактан ар кандай адилетсиздиктерди көрөм.

Мисалы, бирөө бардык салыктарды төлөйт, ал эми дагы бири чоң, кымбат пансионатка ээлик кылып, ресторан ачып, төлөнгөн чекте НДС жок, а түгүл колго жазылган чекти көргөндө нааразы болосуң.

Дагы бирөө 100миң сом кредит алып кыйналып жашап жатат, араң дегенде ресторанды ижарага алып, маяналарын да төлөп бере алышпайт, электр энергиясына, азык-түлүктү сатып алуу ж.б. Алар карызга батып, андан кутула албай келишет. Айрым олигархтардын салык төлөбөгөнүн өз көзүм менен көргөм.

Же ошол эле жаңы конуштардагы жөнөкөй адамдын электр энергиясын болбогон акчаны төлөй албаганы үчүн өчүрүп салышат да чоң эки үч кабат үйүндө жашаган адамдын төлөнбөгөн светин өчүрүшпөйт. Адилеттүүлүк каякта?

- Кыргызстандык ишкерлерге эмне деп айтат элеңиз?

- Биздин ишкерлерге айтаарым ар дайым ишеним болуш керек. Бул жөн гана ишеним эмес, адам алдына кандай максат койду, балким чыгармачылыкпы же спорттукпу ошого жетиш керек.

Негизгиси ишеним болуш керек. Эч качан артка кетенчиктебеш керек. Мен жогоруда айткандай бул эң негизгиси, артка кылчайбай алдыга гана кетиш керек.

Акыркы мезгилде бизде улуттук ишкерлик өнүгүп жатканы да кубандырат, өзгөчө “Шоро” компаниясы эми сүт азыктарын да чыгара баштаганын уктум. Ушулардын баары пайда болду, эми өсүп атат.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости