Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги билдиргендей, 2017-жылдын башынан тарта иш менен камсыз кылуу кызматына 80,1 миң адам кайрылган. Алардын ичинен иш менен камсыз кылуу кызматынын көмөгү менен 20,3 миң адам жумушка орношуп, 9,7 миң жаран убактылуу жумуштарга кирген. 3,9 миң адам эмгек рыногунда талап көп болгон газ электр ширеткич, чач тарач, компьютер оператору, бухгалтер, ашпозчу, тигүүчү, офис-менеджер сыяктуу адистиктерге ээ болуу үчүн окууга жөнөтүлдү.
Жумушсуз адамды акылсыз, билимсиз деп айтууга болбойт. Жумушуңдан айрылып калууга көптөгөн себептер бар – ишкананын жабылышы, ар түрдүү күтүлбөгөн себептер. Жумушсуздарга насыя берүүгө багытталган микрокредит агенттиктери бар. Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова маалымат жыйынында микрокредит берүү жумуш менен камсыз болуу үчүн активдүү элемент экенин билдирди. Жумушсуздарды коомдук-экономикалык ишкердүүлүккө тартуу зарыл. Насыянын көлөмү өтө деле көп эмес. Дал ошондуктан ал микрокредит деп эсептелет. Өндүрүш пландарына ылайык, насыянын көлөмү 10 миңден 50 миңге чейин жетет.
Маселе башкада, бул жумушсуздук маселесин чечүүгө канча жардам берет?
Учурда Кыргызстанда 8 микрокредиттик агенттик (МКА) иштейт: ар бир облуста жана борбордо бирден. Башында алар жумушсуздарды микрокредит берүү борборлору деп аталып, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине карачу. Андан соң ал Миграция жана жумуш менен камсыз кылуу мамлекеттик комитетине караштуу болуп, “микрокредиттик агенттик” деп аталып калган. Алар КРнын Улуттук банкынын лицензиясы менен иштейт, алардын негиздөөчүсү Миграция жана жумуш менен камсыз кылуу мамлекеттик комитети, Миграция жана иш менен камсыз кылуу шаардык комитети жана мэрия. Микрокредиттик агенттиктин максаты – кандайдыр бир каржылык маселелерден улам өз ишин баштоону каалаган адамдарга жардам берүү.
Бул каржылык курал эффективдүү иштөөсү үчүн мамлекет жыл сайын бир топ каражат бөлөт. Борбордун жумушсуз жарандарына микрокредит берүү үчүн бюджеттен 12 млн сом бөлүнгөн. Бул агенттиктердин мындан ары да иштеши үчүн республикалык бюджеттен кредиттик портфелди толтуруу үчүн каражат бөлүнүшү керек. Же болбосо эл аралык уюмдардан тиешелүү каражат алуу зарыл.
Микрокредит алгандардын көбү дүкөн жана павильон ачып келишет. Бактыгүл Кайрабаева Иш менен камсыз кылуу кызматынан насыя алган. Ал товарды дүңүнөн сатып алып чакан күркө ачкан. Бул чакан бизнес көп каражат бербесе дагы туруктуу киреше болуп берет. Ал эми анын мурдагы кесиптеши медайым болуп иштеп 3000 сом таап келген ооруканадагы жумушунан кетип 30 миң сом насыя алган. Натыйжада чакан бизнес ачып алып, бир топ каражат таап жатканын жашырган жок.
Бирок насыя алууда аны төлөй албай үйүнөн ажырап калгандар дагы бар экенин унутпоо керек.
Насыянын мөөнөтү 1 жыл. Пайыздык чени — жылына 10%. Жумушсуз сөзсүз түрдө күрөө коюусу керек.
Бирок баарын белгилүү болгон Бишкектеги Л.Толстой көчөсүндө турган жумушсуздар насыя ала алышпайт!
Бирок “жакшы болуусун каалаганбыз – бирок ушундай болуп калды!” деген принцип иштеп жатат. Тилекке каршы, биздин коомдо жатып ичерлер көп. Айрымдары алган насыясын кайтаруу керек экендигин унутуп коюшкандай. Карыздар боюнча актылар дагы түзүлгөнү менен дагы деле каражаттар толугу менен кайтарылып бериле элек.
Натыйжада 2017-жылдын 1-июлуна карата 7 облустагы МКАлардын карызы 5818000 сомду түздү.
МКА түзүлгөндөн бери 40 жумушсуз адамга 655742 миң сом насыя берилген. Бирок бул насыялар кимге жардам берди деген суроо туулат дейт эксперт Бакыт Сатыбеков. Себеби берилген насыялар салыктан түшкөн акча да. Алар экономиканын өнүгүүсүнө салым кошушу керек эле, бирок иш жүзүндө баары башкача болуп кетти.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөсү Айым Жакыпова МКА жумушсуздарга жардам берүүдө жакшы курал деп эсептейт. “МКАларды сактоо керек, бирок алар эффективдүү иштөөсү үчүн анын ишине мониторинг жүргүзүү үчүн коомчулукту тартуу зарыл”
Бирок Жакыпова насыянын кайтарымсыз болуп жатканы кадимки көрүнүшкө айланды. Ал эми бул акчалар өлкө бюджетинен берилип жатат.
Ал эми КРнын Улуттук банкынын кызматкери Тынчтык Теңизбаевдин пикиринде бул микрокредиттик агенттиктердин кайра түзүү зарыл. Мамлекеттин каражатын каржылык институттарга берүү керек, ал эми Социалдык өнүгүү министрлиги жумуш менен камсыз кылуу тууралуу ойлонушу керек. Себеби учурда бул тармакта иш өтө начар жүрүүдө.
Эксперттик коомчулук министрлик каттоодо турган жумушсуздарга микрокредит тууралуу маалымат бериши керек, ал эми насыяны берүүнү финансисттер ишке ашыруусу керек деп санайт. КРнын коопсуздук кеңеши насыя менен жумушсуздар тууралуу бир катар сунуштамаларды иштеп чыккан. Анда микрокредитти мамлекеттин үлүшү бар уюмдар бериши керектиги жазылган. Мисалы, “Айыл банк” ААКсы. Бул жерден Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги МКАнын ишине кийлигишпейт дагы учурдагы микрокредиттик агенттиктер жоюлат. Ал эми алардын активдери жана материалдык-техникалык базасы жана каражаттары жаңы түзүлгөн микрокредиттик уюмга берилет.
Жумушсуздарды дарылоо үчүн жазылган дарылардан майнап чыккан жок окшойт.
Ирина Байрамукова