Окуу жайлардын эффективдүүлүгүнүн негизги көрсөткүчтөрү алардын бүтүрүүчүлөрүнүн эмгек рыногунда талапка ээ болгону. Бирок Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, учурда республика боюнча ишке орношкон ЖОЖ бүтүрүүчүлөрүнүн саны болгону 32% ал эми бюджеттин эсебинен окугандар 70%.
Ошол эле учурда Улуттук статистикалык комитет акыркы жылдары орто жана кесиптик окуу жайлардан алган кесипке болгон мамилелер өзгөргөнүн билдирди.
Артур Бакиров кесиби боюнча юрист болуп “Юридикалык жардам: перспектива жана кесипкөйлүк” деп аталган уюмда иштейт. Кыргызстандагы жаш юристтердин Ассоциациясынын төрагасы катары ал ар түрдүү шартта жашаган адамдар менен баарлашып, эмгек рыногунда түзүлгөн абал боюнча анализ жүргүзүп келет.
Бизнес-коомчулук көптөн бери эле кесиптик билим берүүчүлөргө ар түрдүү тармактагы адистер керек экенин айтып келишет.
Өзгөчө бул алыскы аймактарда актуалдуу, себеби а жактардагы адистер жакшы жашоо издеп чет жакка чыгып кетишкен. Экономика өнүккөн жакта жумушчулар керек экенин жашоо көрсөттү. Жыгач усталар, куруучулар, мрамор коючулар, малярлар, электриктер, ширеткичтер, сантехникатер жана башка кесип ээлери бүгүн көп суроо-талапка ээ. Бул кесиптер начар деп ким айта алат? Мыкты юрист болгуча жакшы токарь болуу жеңил деп ким айтты?
Айлыгы жогору болгон бардык кесиптер үчүн колледждин эмес ЖОЖдун диплому керек деген чындыкка дал келбейт. Анын үстүнө айрым адамдар иш жүзүндө бардык иштин майын чыгара жасашат эмеспи.
Учурда 60тан ашуу өлкөлөр «WorldSkillsInternational» эл аралык кесиптик кыймылына киришет. Бирок Билим берүү жана илим министрлиги болгону 10% бүтүрүүчүлөр гана кесиптик билим алышат, калгандары престиждүү деп башка окуу жайларды тандаганы менен көп суроо талапка ээ болбогон кесиптерге ээ болушууда.
Азыркы абалда жумушчу кесиптер эмгек рыногунда көп суроо-талапка ээ болуп келет.
“Жумушчу кесиптер өтө көп суроо талапка ээ боло баштады”,-дейт ПРООН адиси Мирлан Дыйканбаев.
Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү агенттиги жумуш берүүчүлөр менен тыгыз байланышта болуп, кызматташуу тууралуу макулдашууларга жана меморандумдарга кол коюлган. Өнөктөштөр арасында төмөнкү ири ишканалар бар:
КРнын соода өнөр-жай палатасы
«Легпром» Ассоциациясы
«Союзтекстиль» Ассоциациясы
Кездеме, кагаз өнөр-жай жумушчуларынын профсоюзу
«Бишкек курулуш» ААКсы
«Азат» ААКсы
«Гильдия директоров» өнөр-жай федерациясынын кеңеши
«Кыргызский КНАУФ маркетинг»
«Кыргызпочтасы» Мамлекеттик ишканасы
«Кыргызтелеком ААКсы
Бишкек шаардык троллейбус башкармалыгы
Кыргыз тоо-кен ассоциациясы
Курулуш компаниялары
Тоо-кен өнөр-жайлары жана башкалар.
Агенттик аз камсыз болгон үй-бүлөдөн чыккан балдардын билим алуусуна өзгөчө көңүл буруп келет.
Кесиптик билимдин жакшы жактары көп болгону менен жаман жактары дагы жок эмес. Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү агенттигинин эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башкы адиси Чынара Сагынбекова: “Учурда өлкөдөгү айрым окуу жайлардын окуу-өндүрүш базалары СССР маалынан бери жаңыртыла элек. Эми бул окуу жайлар кантип билим берет? Бул чоң көйгөй”-дейт.
Бул багытта жакшы мисалдар бар. Мисалы Орусиянын колдоосу менен Нарын облусундагы 4 кесиптик лицейге жаңы адистиктер боюнча билим берүү киргизилип, учурда «Электрогаз ширеткич», «Тигүүчү», «Ашпоз-кондитер», «Автослесарь» кесиптери боюнча билим берүү башталды. Мындан сырткары окуу-өндүрүш класстары атайын адабият менен толукталып, жаңы жабдууга ээ болду.
Жумушчу адистерди даярдоо маселесинде өлкөнүн келечегин аныктай турчу чоң жоопкерчилик жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөн. Себеби алар дал ошол аймакта кайсы адистикке талап көп экенин билишет. Билим берүү жана илим министрлиги жыл сайын кандай кесиптерге суроо-талап көп экени тууралуу маалымат алып турганы менен тилекке каршы, бул жооптор жөн гана эптемей болуп келет. Министрлик аймактагы жергиликтүү бийлик тиешелүү деңгээлде жумушчу кадрларды даярдоо маселесине жакшы көңүл бурбай келгенин айтып келет.
Эми жумушчу адистерге болгон мамилени өзгөртүп, мамлекеттик башкаруу деңгээлинде маселени көтөрүүгө убакыт келип жетти.
Ирина Байрамукова