Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Чүй облусунун Беловодск айылындагы №28-кесиптик лицейине барган учурда билдирди.
№28-кесиптик лицейге барган Гүлмира Кудайбердиевага ширеткичтерди окута турган жана алардын тажрыйбасын арттыра турган окуу борборун көрсөтүштү ошондой эле гүл өстүрүү адистиги боюнча айтып беришти.
Былтыртан баштап Кыргызстанда Тажрыйбаларды өнүктүрүү фонду иштеп баштаган, анын максаты – рынокто талап күч болгон адистерди даярдоо.
Учурда Тажрыйбаларды өнүктүрүү фондуна жумуш берүүчүлөрдөн жана жумуш издөөчүлөрдөн 5000 арыз түшкөн. Алардын арасынан 3096 адам учурда 25 кесип боюнча билим алышууда.