2017-жылдын 19-декабрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде Экономика министри Артем Новиков менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Сяо Цинхуа менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуу тууралуу, анын ичинде кыргыз айыл-чарба өнүмдөрүн Кытай рыногуна ташуу тууралуу, “Бир кур, бир жол” демилгесинин алкагында кызматташуу боюнча сүйлөшүшкөнүн Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле “Бишкек шаарындагы көчө-жол тармагын өнүктүрүү (2-фаза)” долбоорун ишке ашыруу боюнча КР менен КЭРдин өкмөттөрүнүн ортосунда кол коюлду.
Долбоордун “Бишкек шаарындагы көчө-жол тармагын өнүктүрүү (2-фаза)” долбоорун алкагында Бишкек шаарындагы 74 чакырымга созулган 60 унаа жолу оңдолот.
Долбоор кайтарымсыз технико-экономикалык жардам катары берилет. Долбоордун жалпы баасы — 278 млн. 730 миң юань.
2016-жылдын 20-июнунда Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда кайтарымсыз негизде грант берүү келишимине кол коюлган. Учурда долбоордун 1-фазасы ишке ашууда. Келишимдин алкагында, жалпы узундугу 95 чакырым болгон калаанын 49 көчөсү жана 6 көпүрөсү, анын ичинде жаңы конуштардын жолдору оңдолот. Биринчи фазаны ишке ашыруу үчүн Кытай өкмөтү тарабынан кайтарымсыз негизде 481 млн юань бөлүнгөн.