Бул чуулардын арты Кыргызстандын премьер-министрдин жана Транспорт министринин отставкасы менен аяктады. Ал эми прокуратура тарабынан министрдин орун басарына жана бир нече кызматкерине кылмыш иши козголду.
Бул стратегиялык тармакта эмне болуп жатат жана бул чуулар жол куруу программасынын ишке ашуусуна кандай таасир тийгизет?
Кыргызстан үчүн жол куруу программасы жөн гана стратегиялык мааниге ээ эмес, жол куруу өтө маанилүү болуп саналат. Кыргызстан континенттердин арасындагы өлкө катары бардык жакынкы өлкөлөрдү камтыган транспорттук окту түзүү менен алек.
Бул багытта Кыргызстан 2013–2017-жылдарга болгон маанилүү программалардын ичине Түндүк-түштүк жолу жана “Кыргызстан-Казакстан-Кытай” жолдору кирген. Бул долбоорлор “Алкактар жана жолдор” программасынын алкагында дагы ишке ашырылууда.
Маалымат:
Жол куруу боюнча каражатты көп талап кылган долбоорлор Борбор Азиялык аймактык экономикалык кызматташуу (ЦАРЭС) программасынын алкагында ишке ашырылууда.
1) ЦАРЭС 1 – Европа – Чыгыш Азия (Бишкек-Нарын-Торугарт жолу боюнча)
2) ЦАРЭС 2 – Жер ортолук деңиз – Чыгыш Азия (Ош — Сары-Таш – Эркеч-Там жолу боюнча)
3) ЦАРЭС 3 — Орусия – Жакынкы Чыгыш жана Түштүк Азия (Ош – Сары-Таш – Карамык жолу боюнча)
4) ЦАРЭС 4 — Чыгыш Азия – Жакынкы Чыгыш жана Түштүк Азия (Эркеч-Там – Сары-Таш — Карамык)
Программаны ишке ашыруудагы негизги насыя берүүчүлөр Азия өнүктүрүү банкы, Ислам өнүктүрүү банкы, Кытайдын экспорт-импорт банкы, Бүткүл дүйнөлүк банк, Европа комиссиясы, Европа өнүктүрүү банкы, Евразия өнүктүрүү банкы.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча топ (ГРИП) түзүлгөн.
Бул насыя берүүчүлөрдүн бир талабы болгон. Себеби Кыргызстандагы жолдорду салуу, оңдоо, калыбына келтирүүгө келген каражаттын баарын бир борбордон көзөмөлдөп турууга болот.
Көпчүлүк эксперттер, аналитиктер жана ЖМКлар ГРИПтин ишине жана анын жетекчиси Мамаев Кубанычбекке сын айтып келишет
ГРИПке кытай жумушчулары көптөгөн кымбат унааны сатып алган жана көп кеңешчи жалдагандыгын айтып сындаганы менен, иш жүзүндө чыныгы далилдер жокко эсе.
Бирок Бүткүл дүйнөлүк банктын сыны орду менен болгонун белгилеп кетсек болот. 2016-жылдын 8–11-сентябрда берген отчетунда Бүткүл дүйнөлүк банк долбоор жай ишке ашып жатканын, долбоорду башкарууда системалык маселелер бар экенин белгилеген.
Бүткүл дүйнөлүк банк бир нече жолу ГРИПти реформалоо керектигин билдирген, кыргыз аткаминерлери бул пикир менен макул болгону менен чечкиндүү кадамдарды жасабай келишет. Аталган банктын негизги нааразычылыгы иштөө убактысынан иштин кеч бүтүп жатканына жана тендерди өткөрүүдө жаралган.
Нааразычылык көбүнчө ГРИПтин жетекчилигине жана кызматкерлердин кесипкөй эместигине айтылат.
ГРИПке карата чыныгы айыптоолор боло турган болсо, анда долбоордун негизги каржылоочулары — Азия өнүктүрүү банкы, Ислам өнүктүрүү банкы, Кытайдын экспорт-импорт банкы, Бүткүл дүйнөлүк банк, Европа комиссиясы, Европа өнүктүрүү банкы, Евразия өнүктүрүү банкы да билек түрө киришиши керек эле. Демек азырынча алар ГРИПтин ишине нааразы эмес.
Бирок бул процедура ГРИПтин жана Транспорт министрлигинин ишине жакшы таасир бербейт. Кошумча каражат жана убакыт талап кылган процедура бир топтордун нервин алышы мүмкүн.
Бирок 2016-жылдагы жолго байланышкан ызы-чуулар бизге ачык-айкын эмес болуу жана отчеттун аз болгондугу өлкөгө өтө кымбат турарын көрсөттү.