Евразия экономикалык комиссиясынын Энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Адамкул Жунусовдун төрагалыгы астында өткөн жыйынга Орусиянын Транспорт министри Максим Соколов, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов, Армения республикасынын Транспорт, байланыш жана маалыматтык технологиялар министринин орун басары Гагик Григорян, Беларусь республикасынын Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Алексей Ляхнович, Казакстандын Инвестиция жана өнүгүү министрлигинин Жарандык авиация комитетинин төрагасы Талгат Ластаев катышты.
Жыйындын алкагында катышуучулар биримдиктин аймагындагы транспорт тармагындагы актуалдуу маселелер боюнча чечимдерди кабыл алышты. 2018–2020-жылдарга карата транспорттук саясатты ишке ашыруу боюнча негизги багыттар боюнча иш-чаралар планы (жол картасы) жактырылды.
Катышуучулар унаа жол транспорту тармагында Евразиялык аймакта 2014-жылдын 12-сентябрында кол коюлган Шанхай Кызматташтык Уюмунун курамындагы мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы эл аралык автомобилдик жүк ташуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жөнүндө макулдашуу боюнча иш алпаруу керектигин белгилешип, бул маселени Евразиялык экономикалык комиссиянын транспорт жана инфраструктура комитетинин алкагында кароо тууралуу сүйлөшүштү.
Натыйжада тиешелүү протоколдук чечимдер кабыл алынды.