• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Жол лабораториясы

whatsapp-image-2017-11-17-at-10-45-51-1

👁 1,353

КРнын Транспорт жана жол министрлиги тарабынан унаа жолдорунун сапатын текшерүүчү атайын жол лабораториясы алынганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Көчмө лабораторияны Орусиянын Саратов шаарындагы “Специальные дорожные технологии” ишканасы чыгарган.

Учурда жол лабораториясы Сокулук айылында жана аны чогултуу иштери жүрүүдө. Ошондой эле аны чыгарган ишкана КРнын Транспорт жана жол министрлигинин адистерин, тактап айтканда, «Кыргыздортрансдолбоор» институтунун инженерлерин окутмакчы.

Быйыл Траснпорт министрлигинин демилгеси менен жол курулушунда жаңы технологияларды колдонуу боюнча бир катар иштер аткарылды. Тактап айтканда, Эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Анын жүрүшүндө КМШ өлколөрүнөн келген жол куруучулар тажрыйба алмашышты. Мындан сырткары Кыргызстандын борборундагы Гагарин көчөсүндө экс-премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана Транспорт министри Ж.Калилов шагыл-полимер кошулмасы менен мастич асфальт бетондоо аралашма технологиясы менен таанышкан. Бул технология жолдун бекемдигин 1,5 эсеге, колдонуу мөөнөтүн 1,6 эсеге жакшыртат.

Ошондой эле Траснпорт жана жол министрлигинде Техникалык комитет түзүлүп, Өндүрүш-инновациялык борбор унаа жолдорун оңдоодо, курууда жаңы технологияларды киргизүү менен алектенип келет.

Жол лабораториясы Mercedes-Benz үлгүсүндөгү фургондун ичинде жайгашкан. Ал төмөнкү жабдуулар жана системалык камсыздоолор менен жабдылган:

Жабдуунун юазалык компелкти;

«Дорога-ПРО» деп аталган программалык-ченөөчү комплекс;

Геометрикалык көрсөткүчтөрдү ченөө системасы;

ПКРС-2У прицеби, көтөрүүчү жабдуу, суу куюу системасы боюнча программалык камсыздоо;

Жогорудан видеого тартуу үчүн 4 камера;

Инженердик иштерди текшерүүчү модуль;

3 лазерлүү жана 2D-сканердин негизинде жолдун түз экенин текшерүү системасы;

Эл аралык IRI көрсөткүчү боюнча түздүктү текшерүү;

Жол маалыматтарынын банкы программалык камсыздоо;

Жолдордун видеобанкы программалык камсыздоосу.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости