Кечээ 10-январда, өкмөттүн жыйыны болду. Анда комиссия мүчөлөрү мурдагы кеңешменин учурунда берилген тапшырмалардын аткарылышын талкуулады.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы (ЖККББ) кошумча түрдө 169 штаттык бирдикти киргизген. Башкы башкармалыктын башчысы Канат Жумагазиевдин айтымында, кызматкерлердин жана техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн жетишсиздигине байланыштуу көптөгөн жол тилкелеринде жол коопсуздугу тийиштүү түрдө камсыздалган эмес.
Андан соң Канат Жумагазиев ЖККББ жетекчилиги тарабынан өлкө аймактарына чыгуу менен жер-жерлердеги жеке курамдын иши, алардын жол кыймылы кооопсуздугун жөнгө салуучу учурдагы мыйзамдарды, тийиштүү ченемдик документтерди, жол эрежелерин билүүсү текшерилгендигин маалымдады.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, башкы башкармалык акыркы эки жума ичинде кызматкерлерди кошумча окутуудан өткөрүүдө.
ЖККББ маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө бардык кызматкерлер жаңы форма менен касыздалган. Ошондой эле 2018-жылдын 1-январынан тарта Башкы башкармалыктын расмий веб-сайты иштөөдө жана WhatsApp мобилдик тиркемеси аркылуу жарандар менен кайтарма байланыш түзүлгөн. ЖККББ социалдык тармактарда жарыяланган жол эрежесин бузуулар тууралуу маалыматтарга жооп кайтаруу боюнча активдүү ишти баштаган.
Буга катар 2018-жылдын 9-январынан тарта унаалардын тийиштүү эмес аймактарда токтотулган фактылары боюнча дөңгөлөктөргө блокиратор коюу, транспортук каражаттарды күчтөп эвакуациялоо жана аларды атайын токтотуучу жайларга жеткирүү боюнча иштер башталган.
Ошондой эле Канат Жумагазиев маалымдагандай, жол инфраструктурасын иликтөө натыйжасы боюнча жолдорду жана көчөлөрдү жарыктандыруу, жол белгилерин коюу, светофорлорду орнотуу, ошондой эле унаа жолдорун оңдоо боюнча жергиликтүү бийлик органдары менен активдүү иш башталганын айтты.
Кеңешме катышуучуларынын суроолоруна жооп берүүдө Канат Жумагазиев Башкы башкармалык кызматкерлери тарабынан айдоочуларды негизсиз токтотуу рейддик иш-чаралар жүргүзүлгөн учурда, ошондой эле жолдордогу тоскоолдуктар тууралуу айдоочуларга эскертүү максатында гана жүргүзүлөөрүн белгиледи.
Ошол эле учурда премьер-министр Сапар Исаков айдоочулардын жолдогу жоопкерчилигин жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.
«Башкы башкармалык кызматкерлери жол кыймылы катышуучуларын негизсиз токтотпоосу боюнча такталган тутум иш алып барышы керек, ал эми айдоочулар өз кезегинде жеке жоопкерчилигин сезип, жол эрежесин бузбоосу шарт. ЖККББ кызматкерлеринин бардык аракеттери так регламентке баш ийиши керек», – деп белгиледи Сапар Исаков.
Өкмөт башчы белгилегендей, тийиштүү программалык камсыздоону иштеп чыккандан кийин ЖККББ кызматкерлери үчүн планшеттик компьютерлер сатылып алынып жана аталган тутумду пилоттоштуруу башталат, ага байланыштуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине бул багыттагы иштерди 2018-жылдын жаз айларына чейин жыйынтыктоо тапшырмасын берди.
«Айдоочулар тарабынан жол эрежесин бузууларды фиксациялоочу автоматташтырылган система коррупцияны жоюуга көмөк көрсөтөт, ал өз кезегинде жол кырсыгын азайтууга алып келип, жол коопсуздугун жана жол инфраструктурасын жакшыртуу үчүн бюджеттин толукталышына, айдоо маданиятын жогорулатууга жана айдоочуларга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет», – деп белгиледи Сапар Исаков.
Премьер-министр Комиссиянын жыйындары үзгүлтүктүз негизде өткөрүлүп тураарын, ага байланыштуу анын отурумдарында жол кыймылы коопсуздугу маселелерин жөнгө салган ченемдик-укуктук актылардын маанилүү долбоорлору каралат деп белгиледи.