• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Жогорку окуу жайларга 5705 гранттык орун берилди

4-str

👁 1,068

2018–2019-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында окутулуучу адистиктердин тизмеси жана окууга кабыл алуу көлөмү бекитилди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

2018–2019-окуу жылына 5705 мамлекеттик билим берүү гранты берилген, анын ичинен 4903 орун Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу жогорку окуу жайларына бөлүштүрүлгөн. Калган гранттык орундар башка мамлекеттик органдар аркылуу кадрларга карата муктаждыктарды жана бүтүрүүчүлөрдү эмгекке орноштурууну талдоо аркылуу каржыланат.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына ылайык, учурда өнөр-жай, курулуш, айыл чарба, транспорт жана байланыш, тейлөө, саламаттык сактоо жана билим берүү тармагы кадрларга өтө муктаж болууда.

Ошондуктан гранттык орундарды бөлүштүрүүдө өнөр-жай (тоо-кен, мунайды кайра иштетүү тармагы, жеңил, тамак-аш, өнөр жайы, курама өндүрүш), айыл чарба, энергетика, туризм сыяктуу атамекендик экономиканын артыкчылыктуу тармактары үчүн адистерди даярдоо зарылдыгы эске алынды.
Мындан тышкары, «Таза Коом» жалпы улуттук санариптик трансформациялоо программасын ишке ашырууга байланыштуу компьютердик технология жаатындагы адистиктер үчүн гранттык орундардын санын жогорулатуу каралган.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости