• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Жогорку Кеңеште “сүйүнчү пул” берүүнүн жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү зарылдыгы айтылды

????????????????????????????????????

👁 785

2-мартта «Республика-Ата Журт» парламенттик фракциясынын жыйынында Мамлекеттик жөлөкпулдар боюнча мыйзамдардын аткарылышы тууралуу маселе каралды.

Жыйында КР эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова баяндама жасап, бүгүнкү күндө мамлекеттик жөлөкпул алуучулардын саны 360,2 миң адам, бала бакыралуу аз камсыз болгон үйбүлөлөрдүн саны 275,9 миң адам.

Министрдин айтымында, мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө 2018-жылдын бюджетинен 8 млрд сом каралган. Т.Исакунова аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү аныктоо үчүн критерийлерди кайра карап чыгууга көңүл бурду. “Бүгүнкү күндө автоунаасы же трактору, киреше алып келе турган жер тилкеси жана мал жандыктары бар экендиги эске алынууда”, –дейт ал.

Ошондой эле Т.Исакунова былтыр кабыл алынган “КР мамлекеттик жөлөкпулдары жөнүндө” мыйзамдын күчүнө кириши алдыбыздагы 1-апрелге чейин узартылганын эске салып: “Аталган мыйзамдын ченемдеринин күчүнө кириши жөлөкпул алгандардын катарынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү 30 миң баланын чыгарылышына себеп болуп калмак. Буга байланыштуу мыйзамды жеткире иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн”,- дейт. 

Мындан сырткары, ал 4 миң сом өлчөмүндө бир жолку “төрөлгөн бала үчүн сүйүнчү” төлөмү жөнүндө ченем күчүнө киргендигин кошумчалады.

Талкуу жүрүшүндө бир катар депутаттар жыл башынан бери “төрөлгөн бала үчүн сүйүнчүнү” алуу үчүн 3 миңден ашуун арыз берилгендигин, бирок болгону 327 үй-бүлө гана “сүйүнчү пул” алгандыгын айтып чыгышты.
Фракция мүчөлөрү “сүйүнчү пул” берүүнүн жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү керектигин баса белгилешти. Маселен, банктык счетту талап кылуу жарандарга кошумча кыйынчылыктарды туудуруп жаткандыктан, “сүйүнчү пулду” почта бөлүмдөрүнөн берүү сунушу айтылды.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости