Бул маселе боюнча өкмөт кыймылдаткычынын көлөмү 3 куб сантиметрден жогору болгон унааларга салыктарды жогорулатууну сунуштап жатат.
Бирок Жогорку Кеңештин акыркы жыйынында экономика министри Арзыбек Кожошев салыктар мурункудай эле баада экенин билдирди. Өкмөттө азырынча бул маселе боюнча так аткарылчу иштер белгилүү эмес окшойт, ошондуктан ар кандай кайчы пикирлердин болушу коомчулукту дүрбөлөңгө салууда.
Депутаттар дагы салыктын жогорулоосуна кайдыгер эмес. Алардын айрымдары өкмөттүн бул демилгесине караманча каршы чыгышууда.
Экономика министри Арзыбек Кожошев бул мыйзам долбоору бюджетти толтуруу үчүн сунушталып жатканын мойнуна алды. Бирок депутатты бул жооп канааттандырган жок.
Бул жерден Экономика министрлиги, Салык кызматы жана Мамлекеттик каттоо кызматы салыктарды толук кандуу чогулта албай жатканы боюнча маселе келип чыгат. Анын ордуна булар ансыз деле салыкты өз учурунда төгүп жаткандардын үстүнө дагы акча коштургусу келип жатат.
Кыргызстанда салыкты өз убагында төккөндөр пенсионерлер экени белгилүү. Унаага келсек, салыкты өз убагында төккөндөр кымбат баалуу унаа мингендер.
Кымбат унаасы бар жаран жаза алып калбашы үчүн тобокелчиликке барбайт. Ошондуктан алар баарын өз убагында төлөшөт.
Аларга эмнеге сокку урушубуз керек? Мындай болсо дагы салык төлөбөгөндөрдүн саны өсүүсү мүмкүн да. Алар нормативдик актыларды кыйгап өтүү жолун табышат.
Жалпылап атйканда азырынча депутаттар бир пикирге келише элек. Бул мыйзам долбоору колдоо табары же кайра артка кайтарылары күмөн. Бул мыйзам долбоору көпкө талкууланат окшойт. Эгерде президенттик шайлоого чейин бул маселе чечилбесе, анда шайлоодон кийин айдоочулар жогорулатылган салык төлөп калуусу толук ыктымал.