• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Жогорку Кеңеш «инвестициялык сынактык тандоо», — деп атоону чечти

88

👁 1,429

Жогорку кеӊеште Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин демилгеси менен «Салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруунун электрондук тутумун киргизүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоого арналган тегерек стол өтүп жатат.

Иш-чарага Жогорку Кеӊештин депутаттары, мамлекеттик органдардын жетекчилери, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, адистер менен эксперттер катышууда.

Белгилей кетсек, Өкмөт тарабынан сунуш кылынган мыйзам долбоорунун негизги максаты салык тармагын электрондук тейлөөгө, анын ичинде электрондук эсеп-фактураларды колдонууга өткөрүү үчүн салыкты электрондук башкаруу жана аны аралыктан башкаруу усулун киргизүү чараларын ишке ашырууга укуктук негиз түзүү болуп саналат.

«Мында ЕАЭБ курамына кирген мамлекеттердин, ошондой эле башка өлкөлөрдүн товарларын көзөмөлгө алууга шарт түзүлөт», — деп, тармактык комитеттин төрагасынын орун басары Дастан Бекешев иш-чара катышуучуларын талкууга жигердүү катышып берүүгө чакырды.

Иш-чара жүрүшүндө жасалган баяндамалардан улам, «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» мыйзамга да айрым бир түшүнүктөрдүн маансин тактоо жаатында түзөтүүлөр киргизилип жатканы белгилүү болду. Мисалы, сынактык талдоо – инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн товарларды, жумушту, тейлөө кызматын ж.б.у.с.ларды берүү боюнча жеӊүүчү аныктала турган жүрүм.

Андан тышкары, инвестициялык атаандаштыкка жөндөмдүү жакты сынактык тандоо усулу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныктала тургандыгы тууралуу жобо да сунушталууда. Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин пикиринде, инвестициялык долбоорлор боюнча мамлекет үчүн маанилүү болгон чечимдердин кабыл алынуу жүрүмүн кыйла тездетет.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости