Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповдун айтымында, Эсептөө палатасы 2017-жылы жалпысынан 2673 аудит объектисине текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекеттик мекемелер 11 млрд сомдон ашуун каржы тартибин бузган. Андан тышкары, 2017-жылы жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжасында 1297 эскертүү жана 79 сунуштама берилген.
Ал Эсептөө палатасы тарабынан бир жыл ичинде 310 айыл өкмөтүнө текшерүү жүргүзүлүп, 84 млн сомдук каржы тартибин бузуу аныкталып, кылмыш иштери козголгонун кошумчалады.