Жогорку Кеӊеш 31-январдагы жыйынында Бишкек ЖЭБиндеги авариянын келип чыгуу себептери, анын кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маселе талкууланды. Жыйынга Премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышты.
Талкуу жыйынтыгында “Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги авария жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтому негиз катары кабыл алды. Ошондой эле, Өкмөткө тезинен авариянын себептерин аныктоо жана анын кесепеттерин жоюу, экономикалык чыгымдын көлөмүн аныктоо, ага юридикалык баа берүү, айрым кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо боюнча сунуштамалар менен тапшырмалар берилди.
Андан тышкары, Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги авариянын келип чыгуу себептерин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Ал депутаттарды өзүнүн иликтөө жыйынтыгы менен тааныштырууга тийиш.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети кечээ, 30-январда Бишкек ЖЭБинде көчмө жыйын өткөрүп, мамлекеттик органдарга мында түзүлгөн кырдаалды калыбына келтирүү боюнча бир катар тапшырмаларды берген.