Үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинде көптөгөн талаш-тартыштардан кийин депутаттар “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААКсынын энергетикалык компанияларында электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун (ЭКЭАТ) (акылдуу счетчиктер) киргизүүнүн абалы жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору кабыл алынды.
Бул токтом долбоору жөнөкөй жарандардан баштап коммерциялык колдонуучуларга чейин көптөгөн нааразычылыктар болгондуктан талкууланды. Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев (КСДП) белгилегендей, бул маселе туура көтөрүлдү.
Депутат К.Рыспаев мындай деди: “Өз учурунда кытайлык ZTE компаниясы менен 6 млн долларга келишим түзүлгөн. 1 млн 800 миң долларды которушкан, бул Sapatcom системасы (ошол учурда «Мегаком», «Билайн» болчу) менен, иштей турган CDN системасы болчу. Буга карабастан “Түндүкэлектрдин” ошол учурдагы жетекчилиги келишим түзүп, кийинки жетекчи аны узарткан. “Түндүкэлектр” азыркы күнгө чейин бул эсептегичтерди кампада сактаганы үчүн каражат төлөп келген. 1 млн 800 миң долларды которгону үчүн эч ким жоопкерчиликке тартылган эмес., 6 млн долларлык жабдуу болсо кылдын учунда турат – ким жооп берет? Биз Башкы прокуратурага тапшырма беребиз”.
Белгилүү болгондой, “Мегаком” байланыш операторунун айланасындагы коррупциялык чууда ZTE компаниясынын башы чыккан. Бул компания уюлдук компаниянын кыргыз жетекчилигине жабдууларды жеткирүү боюнча тендерден “утуп” алуу үчүн 6 миллион доллар берген. Учурда ZTE айыпталуучу же шектелүүчү тарап эмес, жөн гана Улуттукэнергохолдингдин алдында өз милдеттерин аткарып, жабдууларын жеткирген эле компания болууда.
Ар бир фирманын программалык камсыздоосу ар башка, ал болсо эсептегичтин жүрөгү болуп саналат дагы, текшерүүдө негизги башкаруучу болуп саналат. Натыйжада эсептегичтин ар бир түрү ар башка санды көрсөтүп коюусу мүмкүн. Татаал болгон программалык камсыздоону бирдиктүү форматка алып келүү үчүн мыйзамдын алкагында бир топ маселелерди чечүү зарыл.
Ал үчүн депутаттарга эмнени алмаштыруу зарыл экенин түшүндүрүп бере турган адистер керек.
Ошондуктан акылдуу эсептегичтер коюла баштаган 2010-жылдан баштап бул тармакта эч нерсе өзгөргөн эмес.
2017-жылдын 2-февралында ЭКОНОМИКА бул маселе тууралуу жазган. Акылдуу эсептегичтерди чыгарган фирманын жетекчиси, эксперт, акылдуу эсептегичтерди орнотуу стратегиясын иштеп чыгуу булагынын башында турган Нурпасыл Ниязов мындай деген: “Кыргызстан өзүнүн программалык базасы (software) менен мындай жабдууларды чыгара алат”.
Башка иштер көп. Ошнодуктан биздин компаниялар эсептегичтерди казак компанияларына чыгарып берүүдө, башкача айтканда Жезказганга. Кыргызстанда болсо Жалал-Абад шаарына 3000 даана жеткирилген. Түркиядан же Кытайдан эмес бизден сапаттуу жана арзан жабдууларды сатып алып жаткан Казакстан Кыргызстанга караганда өтө деле бай эмес окшойт да.
Депутаттар Улуттукэнергохолдингдин ишмердүүлүгүнө кандай баа берүү керек деген суроого көп баш оорутушту. Бул жерде депутаттар бир топ ат тартышышты. Энерго-компаниянын жетекчилигине карата төмөнкүдөй сунуштар болду:
Натыйжада Улуттукэнергохолдинг ишканасынын жетекчисинин орун басары н.М. Садыковдун маалыматын уккан депутаттар “ЭКЭАТти орнотуу боюнча Улуттукэнергохолдингдин ишинде кемчиликтер бар” деген чечим менен токтом долбоору кабыл алынды.
Мындай темп менен жүрө турган болсо акылдуу эсептегичтер 2046-жылы коюлуп бүтөт дешти депутаттар. Ошондуктан бул тармактагы ишти тездетүү зарыл. Тактап айтканда, кийинки жыйында маселени кароо же Башкы прокуратуранын 6 млн доллар боюнча жыйынтыгын күтүү керекпи жокпу талкууланды.
“Бул иштер сапаттуу жана өз убагында жүргүзүлбөсө энергетиктер 15 жылдан бери бул багытта иш жүрүп жатканына карабастан ЭКЭАТ системасын киргизүүнүн кереги жок деши мүмкүн”,-деди Комитет башчысы К.Рыспаев.