Жогорку Кеӊеште жалпыга маалымдоо каражаттарын мамлекеттик каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин расмий сайтына жарыяланды.
Юстиция министри Уран Ахмедовдун айтымында, каражаттарын мамлекеттик каттоо мөөнөтүн азыркы 1 айлык мөөнөттөн 10 күнгө чейин кыскартуу сунушталууда. Ошондой эле, аларды каттоодон өткөрүү үчүн талап кылынган документтердин саны кыйла кыскартылат.
Маалыматка ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо критерийлери Өкмөт тарабынан аныкталат. Эгерде мамлекеттик органдар аны каттоодон баш тартса, ал маселе сот аркылуу чечилет.
Кошумчалай кетсек, талкуу жүрүшүндө депутат Рыскелди Момбеков ЖМКларды каттоо критерийлеринин Өкмөт тарабынан аныкталышын аларды көзөмөлгө алуу аракети катары баалаган.