• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

ЖКтин депутаттары Польшанын жогорку окуу жайларында кыргыз студенттеринин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү сунушташты

140518170010_imanal-05

👁 841

14-майда Каныбек Иманалиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Карамат Орозова, Кубанычбек Нурматов, Нодирбек Каримов Польша делегациясы менен жолугушту. Делегация курамында Польша Сенатынын сенаторлору Валдемар Краска, Артур Важоха, Польша Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу Элчиси Селим Хазбиевич, Кыргызстандагы ардактуу консулу Александр Златкин бар.
Депутат Каныбек Иманалиев Кыргызстанга, кыргыз парламентине келген кесиптештерин жылуу кабылдап, Польша Республикасынын тажрыйбасы Кыргызстан үчүн өтө маанилүү экендигин баса белгиледи. Ошону менен катар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер ырааттуу өнүгүп жаткандыгын ошол эле маалда товар жүгүртүүнүн көлөмү аз экенин айтып, маектештеринин көңүлүн бул багытта кызматташууну жандандырууга бурду. Ал Кыргызстандын Евразиялык экономикалык бирликке (ЕАЭБ) мүчөлүгүн, мындан сырткары ВСП+ макамына ээ экендигин, Европа өлкөлөрүнө товарлардын түрлөрүн жөнөтүү мүмкүнчүлүгү бардыгын эске салды. Мындан сырткары, Кыргызстанда илим-билимге умтулган жаштар арбын экенин белгилеп, алардын Польшанын алдыңкы жогорку окуу жайларына (ЖОЖ) окуусуна мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү керектигин билдирди.
Өз кезегинде Кыргызстанда поляктардын диаспорасы менен жолугушкан Польша элчиси Селим Хазбиевич жана сенаторлор өздөрүнүн өкмөтү менен парламентинин атынан Кыргызстанда поляктардын диаспорасынын иш алып баруусуна, тили менен маданиятынын сакталышына өбөлгө түзгөн Кыргызстан бийлигине рахмат айтышты. Польша Сенатынын сенатору Валдемар Краска Кыргызстанда жылуу тосуп алган меймандос кыргыз элине жана кесиптештерине ыраазычылык билдирди. Ал Польшанын башкаруу тарыхына учкай токтолуп, бүгүнкү күндө Польша НАТОго, Евробирликке мүчө экенин, Польшада демократиянын бардык процедуралары ишке ашып жатканын тизмектеп, болгон тажрыйбалары менен бөлүшүүгө даярдыгын айтты. Польшанын сенаторлору кесиптештерине Кыргызстан жаштары үчүн Польша ЖОЖдоруна каралган квотаны көбөйтүү маселесин парламент менен өкмөткө сунуштаарына убада беришти.

Мындан сырткары, тараптар парламенттик кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүү жаатында пикир алмашышты.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости