• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

ЖКтин депутат Бакиров Калашников менен жолугушууда Орусиядагы кыргыз жарандарына болуп жаткан тоскоолдуктарды жоюуну талкуулады

kalashn-01

👁 826

Кечээ, 20-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын депутаты, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Евразия интеграциялоо жана мекендештер менен байланыш иштери боюнча комитетинин төрагасы Леонид Калашников менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы байланыштардын учурдагы абалына токтолуп, парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу маселелери боюнча ой бөлүштү.

Ошондой эле Мирлан Бакиров миграция маселесине да токтолду.

“Россиядагы кыргыз жарандарына берилип жаткан жеңилдиктер арбын. Бирок, жеринде каттоо, иш берүүчү тарабынан салык төлөмдөрүн чегерүү, медициналык камсыздандыруу жана пенсия төлөө жаатында көйгөйлөр чечилбей келет. Андыктан, эки өлкөнүн парламенттери жогорудагы тоскоолдуктарды жоюуга жана ЕАЭБ алкагында жумушчу күчтөрүнүн эркин, мыйзамдуу иш алып баруусуна көмөктөшүүбүз зарыл”,– деп кошумчалады.

Өз кезегинде Россия Мамлекеттик Думасынын депутаты Леонид Калашников Кыргызстан Россиянын маанилүү өнөктөшү экенин белгиледи.

“Алакаларды парламенттик комитеттердин жана эл аралык уюмдардын деңгээлинде да жигердүү улантуудабыз. Айрыкча, акыркы мезгилдери ЖККУ ПАнын алкагындагы тыгыз кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулууда”, – деди.

Мындан тышкары эки өлкө ортосундагы бардык маселе ачык сүйлөшүүлөрдүн негизинде чечилерин айткан Мамлекеттик Думанын депутаты эки тараптуу парламенттик расмий иш сапарларды уюштуруу зарылчылыгына токтолду.

Леонид Калашников Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Евразия интеграциялоо жана мекендештер менен байланыш иштери боюнча комитетинин жана Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин биргелешкен жыйналышын өткөрүү маселесин да көтөрдү.

Жолугушуу соңунда Мирлан Бакиров парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон зор салымы жана жигердүү ишмердүүлүгү үчүн Леонид Калашниковго Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды.

Белгилей кетсек, Леонид Калашников жакынкы өлкөлөрдөгү россиялык мекендештердин Ысык-Көлдө өтө турган VII Аймактык конференциясына катышуу үчүн келген.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости