Жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы байланыштардын учурдагы абалына токтолуп, парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу маселелери боюнча ой бөлүштү.
Ошондой эле Мирлан Бакиров миграция маселесине да токтолду.
Өз кезегинде Россия Мамлекеттик Думасынын депутаты Леонид Калашников Кыргызстан Россиянын маанилүү өнөктөшү экенин белгиледи.
“Алакаларды парламенттик комитеттердин жана эл аралык уюмдардын деңгээлинде да жигердүү улантуудабыз. Айрыкча, акыркы мезгилдери ЖККУ ПАнын алкагындагы тыгыз кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулууда”, – деди.
Мындан тышкары эки өлкө ортосундагы бардык маселе ачык сүйлөшүүлөрдүн негизинде чечилерин айткан Мамлекеттик Думанын депутаты эки тараптуу парламенттик расмий иш сапарларды уюштуруу зарылчылыгына токтолду.
Жолугушуу соңунда Мирлан Бакиров парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон зор салымы жана жигердүү ишмердүүлүгү үчүн Леонид Калашниковго Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды.
Белгилей кетсек, Леонид Калашников жакынкы өлкөлөрдөгү россиялык мекендештердин Ысык-Көлдө өтө турган VII Аймактык конференциясына катышуу үчүн келген.