Жогорку Кеңештин депутаттары быйылкы жылдагы биринчи жыйынында “Электр станциялары” ААКсынын жана ”Улуттук электр станциялары” ишканасынын карыздарын реструктуризациялоо маселесин карашты.
КРнын Өкмөтүнүн маалыматына ылайык, 2015-жылы эки ишкананын бюджеттик каражаттарынын дефицити 9 млрд 400 млн сомду, 2016-жылы 7 млрд 300 млн сомду түзгөн. 2017-жылы бул ишканалар бюджеттерин оптимизациялоо аркылуу дефициттин көлөмүн азайтышкан: “Электр станциялары” — 1 млрд 200 млн сомго, ”Улуттук электр станциялары” — 562 млн сомго. Буга байланыштуу ишканалардын карыздарын кайтаруу шарттарын өзгөртүү зарылчылыгы келип чыккан.
Талкуунун натыйжасында депутаттар “Электр станциялары” ААКсынын жана ”Улуттук электр станциялары” ишканасынын карыздарын 2017–2018-жылдарга карата реструктуризациялоо чечимин кабыл алышты.