Жогорку Кеӊеште КР Өкмөтү тарабынан накталай акча жүгүртүүнү төмөндөтүү максатында сунушталган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн жумушчу топтун кезектеги жыйыны өттү.
Өкмөттүн маалыматына караганда, мыйзам долбоору накталай акча жүгүртүүнү азайтуунун, доллардан арылуунун, салык салынчу базанын өсүшүнүн, бюджеттик кирешелерди жогорулатуунун, көмүскө экономиканын деӊгээлин төмөндөтүүнүн эсебинен накталай эмес акча жүгүртүүнүн үлүшүн көбөйтүү демилгеси сунушталууда. Ал үчүн КР Жарандык кодексине, КР Салык кодексине, «Акционердик коомдор жөнүндө» мыйзамга айрым түзөтүүлөрдү киргизүү зарыл.
Жумушчу топтун жетекчиси Айнура Осмонова бир катар алгылыктуу өзгөртүүлөр менен бирге, айрым туура эмес түзөтүүлөр да камтылып калганын белгиледи. «Албетте, накталай акча жүгүртүүнүн үлүшүн азайтып, ал аркылуу көмүскө экономиканын көрүнөө чыгарышыбыз керек. Бирок, мыйзам долбоорун айрым бир мүчүлүштүктөр бар. Мисалы, акционерлердин двиденддери ансыз деле атайын ачылган накталай эмес эсептерде сакталат, анда аны мыйзамда камтуунун эмне зарылдыгы бар? Андан тышкары, кээ бир фермерлердин банк эсеби жок, аларды кыйнап эсеп ачтыруу ашыкча түйшүккө салбайбы?», — дейт ал.
Ал накталай эмес акча жүгүртүү террордук жана экстремисттик топтордун аракетин ооздуктай турганын, көмүскө экономиканын көрүнөө чыгышына өбөлгө түзөрүн айткан депутат Гүлшат Асылбаева жалаӊ буйрук менен накталай эмес акча жүгүртүүгө өтүү мүмкүн эмес экенин баса белгиледи.
«Мен мурда да бир топ жагдайлар боюнча өз пикиримди билдиргем. Мыйзамды өзгөртүү үчүн негиз болушу керек, анан жүйө келтирүү шарт. Жалаӊ буйрук менен иш илгерилебейт. Менимче, мыйзам долбоору азырынча чийки, четке кагуу зарыл. Демилгечилер баардык жагдайларды эске алуу менен, кайра иштеп келсин», — деген пикирин билдирди.