Жогорку Кеңеште 16-апрелде Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдагы иши жөнүндө КР Премьер-министринин отчету тууралуу” маселе каралды.
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дайыр Кенекеевдин берген маалыматы боюнча 2017-жылдын жыйынтыгында республика боюнча 207,4 млрд сом суммада айыл чарбасынын дүң продукциясы өндүрүлдү. Айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн жалпы көлөмүндө мал чарба продукциясы 45,4%ды, дыйканчылык продукциясы – 52,2%ды, токой жана балык чарбалардыкы – 0,3%ды жана кызмат көрсөтүүлөр – 2,1%ды түзгөн.
2017-жылы “Айыл чарбасын каржылоо-5” долбоорунун алкагында республиканын 15163 айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө 6 млрд 683 млн 921 миң сом суммадагы жеңилдетилген насыя берилген. 2017-жылы 480 ар кандай типтеги күнөскана ишке киргизилип, республика боюнча жалпы саны 1928 күнөскана болду. Күнөскана чарбаларынын өнүгүшү тамчылатып сугаруу сыяктуу ресурсту үнөмдөөчү технологияларды киргизүүгө өбөлгө болду. 2017-жылы тамчылатып сугаруу системаларынын саны 2016-жылга салыштырганда 281 чарбага көбөйдү, жалпысы 904 тамчылатып сугаруу чарбасы түзүлдү. 2017-жылы 18 суу чарба обьектилеринде долбоордук иштер аткарылды. Анын ичинен 8 обьектте куруу-монтаждоо иштери жүрүп жатат.
Жыйын жүрүшүндө депутат Мирлан Бакировдун суроосунан кийин бонитети 40 баллдан төмөн жерлерге бак-дарак эгүү боюнча кабыл алынган мыйзамдын негизинде жалпы республика боюнча 4 миң га дерге бак-дарактар эгилгендиги айтылды. Ал эми депутат Рада Туманбаева Ветеринардык палатадан өткөн ветеринарлардын жалпы саны 2480ди түзүп, 2015-жылга салыштырмалуу эки эсеге көбөйгөндүгүн тактады. Депутат Алмазбек Акматов Ысык-Көлдө, Чүйдө жана башка жерлерде питомниктер бар экенин эске салып, борбор калаага башка жерден кымбат баада көчөт сатылып алынып, тигилип жатканын тактап, жооп берүүнү талап кылды.
Комитет жыйынына катышып отурган депутат Алмазбек Эргешов Жалал-Абад облусунун Аксы районунун көпчүлүк тургундары кайнаалы өстүрүп, жан багышаарын айтып, аткаруу бийлигинин көңүлүн айыл жерлерине кичи ишканаларды ачуу боюнча иш алпарууга бурду. Депутат Абылкайыр Узакбаев Өкмөттүн берилген отчетундагы маалымат менен иш жүзүндөгү маалымат эки башка экенин айтып, райондордун активи, айыл өкмөт башчылары менен аткаруу бийлик өкүлдөрү байма-бай жолугушуп, көйгөйлөрдү талкууласа иш натыйжалуу болорун Өкмөткө сунуш кылды.
Мындан сырткары, комитет жыйынында жер тилкелерин трансформациялоо, токой фондусундагы мыйзам бузуулар, ирригация системасындагы маселелер, кызыл китепке кирген жаныбарларды аткандарга айыппулду жогорулатуу, талапка жооп берген касапканаларды куруу сыяктуу бир катар көйгөйлөрдүн чечилиши боюнча талкуу жүрдү.
КР вице-премьер-министри Дайыр Кенекеевдин комитет мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып, суу чарбасына жалпы жонунан тиешелүү делген 5–6 мамлекеттик орган бар экенин айтып, айыл чарбасынын өнүгүшүндөгү башкы ресурс болгон суу запасы, дегеле суунун маанисин эске алуу менен суу тармагы боюнча мамлекеттик комитет түзүү маселеси көтөрүлүп жатканын маалымдады. Мындан сырткары, Д.Кенекеев региондон келген адис катары депутат Абылкайыр Узакбаевдин сунушун эске алуу менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен айыл жергесиндеги көйгөйлөрдү бирге чечүүгө убада кылды.
Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү жалпы жонунан агрардык тармакта өкмөттүн алгылыктуу иштери бар экенин айтып, «КР Өкмөтүнүн 2017-жылдагы иши жөнүндө КР Премьер-министринин отчетун эске алуу тууралуу чечим кабыл алышты.