Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалыматына ылайык, ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу менен Германиялык өнүктүрүү банкы (KfW) аркылуу 11 млн евро өлчөмүндөгү инвестициялар келиши күтүлүүдө. Бул Кыргызстанда ипотекалык насыя берүүнү мындан ары өнүктүрүүгө жардам берет.
МИК жакынкы аралыкта контракттык турак-жай аманат механизмин иштеп чыкмакчы. Ипотекалык баалуу кагаздар каражатты инвестициялоого ыңгайлуу. Анын ээси кыймылсыз мүлккө болгон баанын өзгөрүүсүнөн пайда тапса болот. Учурда ипотекалык баалуу кагаздар көпчүлүк өлкөлөрдүн рыногунда талап көп болгон каржылык курал болуп саналат. Инвесторлор батирлерге жана башка кыймылсыз мүлккө болгон баанын жогорулашынан киреше табышат.