• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы киреше салыгынын үлүшүн 70% жогорулатуу сунушу берилди

OLYMPUS DIGITAL CAMERA

👁 889

22-февралда Жогорку Кеңештин депутаттарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда региондорду өнүктүрүү көрсөткүчтөрүнүн параметрлерин талкуулоо болду.

Жумушчу топтун талкуусунда белгиленгендей, региондордун өнүгүү деңгээли мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары тарабынан камсыздала турган стандарттар аркылуу аныкталат. Атап айтканда, азыркы учурда ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча стандарттар тегиз камсыздалбаган, натыйжада, ал жылына 600 млн сом көлөмүндөгү үзгүлтүксүз каржылоону талап кылат.

Ошол себептен, региондорду өнүктүрүү бул – Курулуш ченемдери жана эрежелеринде, Санитардык эрежелер жана ченемдеринде, мамлекеттик стандарттарда көрсөтүлгөн жашоонун стандарттык деңгээлин жогорулатуу жана камсыздоо зарыл жана алар толук көлөмдө каржыланышы керек. Жалпысынан бийлик бутактарынын өкүлдөрү өнүгүүгө багытталган тапшырмаларды жеринде өз алдынча жана ыкчам чечүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийликтерине каржылык мүмкүнчүлүктөрдү көбүрөөк калтыруу пикири менен макул болушту.

Мындай ыкманын бири катары биринчи этапта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы киреше салыгынын үлүшүн 70% жогорулатуу сунушу берилди. Жалпы пикир боюнча, бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жашоочуларды өз аймагында кармап турууга кызыкчылыгын пайда кылат, анткени, учурда региондордун көпчүлүк тургундары өзүнүн ишмердүүлүгүн борбор калаада жана ири дүң базарлары жайгашкан жерлерде жүргүзүп келүүдө.

Маалымат иретинде:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун «2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгына ылайык жумушчу топ түзүлгөн. Ошондой эле Премьер-министр Сапар Исаков 2018-жылдын 14-февралында Жарлыкты ишке ашыруу үчүн Өкмөттүн уюштуруу комитетин түзүү боюнча буйрукка кол койгон.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости